Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005 жылынын 18-февралынын № 92 «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза аткаруу кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-марты № 166
токтомуна ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2005-жылдын 18-февралы № 92
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза аткаруу кодексине
толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу депута-
ты А.А.Бекназаров тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын
Кылмыш-жаза аткаруу кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутунду-
нун негизинде макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Н.Танаев
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин
Мыйзам чыгаруу жыйынына
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза аткаруу кодексине
толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты А.А.Бекназаров тарабынан
демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза аткаруу кодекси-
не толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Мыйзам долбоорун карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Конс-
титуциясынын 65-статьясынын 3-пунктун жетекчиликке алуу менен аны кабыл
алууга төмөнкүдөй себептер боюнча макулдук бере албайт.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза аткаруу кодексинин 63-статьясы-
нын 5-бөлүгүнө эркинен ажыратылган жерлерде жүргөн адамдар тарабынан
Кыргыз Республикасынын Омбудсменине (Акыйкатчыга) жиберилген арыздар,
даттануулар жана каттар жашыруун болуп саналышы, аларды ачууга жана
цензуралоого тыюу салына тургандыгы; алар Кыргыз Республикасынын Ом-
будсменине (Акыйкатчыга) токтоосуз жеткирилүүгө тийиш экендиги боюнча
толуктоо киргизүүнү максатка ылайыксыз деп эсептейбиз, анткени камакта-
гылар жиберген арыздар, даттанууляр жана каттар коопсуздук жагынан ал-
ганда, башкача айтканда аны алуучунун дарегине коркутууларды жана ма-
зактоолорду болтурбоо максатында ачылышы керек; мындан тышкары катта
кандайдыр бир зыяндуу заттар жок экендигине ынануу зарылдыгы да бар.
Камактагыларга мекеменин эсебинен жылына төрт жолу 15 мүнөткө че-
йин телефон менен сүйлөшүүлөргө уруксат берүү жагынан ушул Кодекстин
86-статьясынын 2-бөлүгүнө толуктоо киргизүү боюнча төмөнкүлөрдү билди-
ребиз.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына бул толуктоолорду киргизүүдө
жылына орточо 9,2 млн. сом талап кылынат, республикалык бюджеттин тар-
тыштыгынын шарттарында буга мүмкүнчүлүк жок.
Премьер-министр Н.Танаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексиКодекс · 31.01.2017 · № 17
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- О внесении дополнений и изменений в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской РеспубликиЗакон · 08.07.2002 · № 114 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон