Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасы «2010-жылга чейин айыл жерлерин жылуулук менен жабдуу жана газдаштыруу системаларын өнүктүрүү» (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 22 января 2018 года № 49 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-01-22.
КР Өкмөтүнүн
2018-жылдын 22-январындагы N 49 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 1-февралындагы № 47
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик программасы
"2010-жылга чейин айыл жерлерин жылуулук
менен жабдуу жана газдаштыруу
системаларын өнүктүрүү"
("2010-жылга чейин элетти комплекстүү өнүктүрүү"
Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиясын
ишке ашыруу алкагында)
Паспорт
Киришүү
1. Айыл жерлеринде жылуулук менен жабдуу жана газдаштыруу
системаларын өнүктүрүүнүн учурдагы абалы жана проблемалары
2. Айыл жерлерин жылуулук менен жабдуу жана газдаштыруу
системаларын өнүктүрүүнүн негизги максаттары, милдеттери
жана артыкчылыктары
3. Мамлекеттик программаны ишке ашырууну укуктук,
маалыматтык-техникалык, финансылык жана ресурстук камсыздоо
4. Мамлекеттик программанын иш-чаралары
5. Мамлекеттик программаны ишке ашырууда бийлик жана башкаруу
органдарынын иш-милдеттери жана ыйгарым укуктары
6. Корутунду
Паспорт
Мамлекеттик "2010-жылга чейин айыл жерлерин жылуулук менен
программанын жабдуу жана газдаштыруу системаларын өнүктүрүү"
аталышы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасы
Мамлекеттик Кыргыз Республикасын 2010-жылга чейин өнүктүрүүнүн
программаны комплекстүү негизинде, 2003-2005-жылдар мезгилине
иштеп чыгуу Кыргыз Республикасында Кедейчиликти кыскартуунун
үчүн негиз улуттук стратегиясында, "2010-жылга чейин элетти
комплекстүү өнүктүрүү" Кыргыз Республикасынын
улуттук стратегиясында белгиленген милдеттерди иш-
ке ашыруу максатында
Мамлекеттик Кыргыз Республикасынын Президентинин Администраци-
программанын ясынын ӨКН боюнча секретариаты, Кыргыз Республика-
координатору сынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регион-
дук өнүктүрүү иштери боюнча министри
Мамлекеттик Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча баш-
программаны каруу жана региондук өнүктүрүү иштери боюнча ми-
ишке ашырууга нистри, "Кыргызгаз" акционердик коому, "Көмүр"
жооптуу мамлекеттик ишканасы, Кыргызтуракжайкоммунсоюз
министрликтер
жана уюмдар
Мамлекеттик Облустардын жана райондордун мамлекеттик админист-
программаны рациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-
ишке ашырууга дары, жергиликтүү жамааттар
катышуучу
коомдук
уюмдар,
региондук
башкаруу жана
бийлик
органдары
Мамлекеттик Айыл калкын жылуулук, көмүр, газ менен камсыз кы-
программанын луу жана айыл жериндеги социалдык-экономикалык
милдеттери абалды жакшыртуу
Мамлекеттик 2005-2010-жылдары:
программаны I этап - 2005-2006-жылдар
ишке ашыруу II этап - 2007-2010-жылдар
мөөнөттөрү
жана этаптары
Мамлекеттик Жылуулук-газ менен жабдуу системаларын реконструк-
программанын циялоо, отун жана газ таратчу (суюлтулган) база-
негизги иш- ларды ачуу
чаралары
Мамлекеттик Мамлекеттик программаны ишке ашырууга чыгымдардын
программанын жалпы суммасы - 351,8 млн. сом
каржылоо
булактары жана
көлөмдөрү
Мамлекеттик Айыл жерлеринин тургундарынын жашоо-тиричилигине
программаны кыйла ыњгайлуу шарттарды түзүү
ишке
ашыруудан
күтүлгөн
натыйжалар
Киришүү
Айыл жерлерин жылуулук менен жабдуу жана газдаштыруу системаларын
өнүктүрүү республиканын айыл калкынын жашоо-тиричилигинин негизи болуп
эсептелет, стратегиялык жана экономикалык мааниси бар.
Айыл жерлеринин социалдык-экономикалык абалына жана инфраструкту-
расына көз карандысыз комплекстүү талдоо жүргүзүү айыл калкын кедейчи-
лик дењгээлинен чыгарууну жана аны өнүктүрүүнү кароочу "2010-жылга че-
йин элетти комплекстүү өнүктүрүү" улуттук стратегиясын иштеп чыгуу жана
кабыл алуу зарылдыгын белгиледи. Бул стратегияны ишке ашыруу үчүн айыл
жамааттарын кошкондо бардык ресурстарды максимум мобилизациялоо зарыл.
Катуу отун жана суюлтулган газ менен айыл калкын туруктуу камсыз
кылуу анын жашоо абалын жогорулатуунун маанилүү факторлорунун бири бо-
луп эсептелет жана айылдагы эмгек рыногун кењейтүү үчүн кошумча шарт-
тарды түзөт.
1. Айыл жерлеринде жылуулук менен жабдуу жана
газдаштыруу системаларын өнүктүрүүнүн
учурдагы абалы жана проблемалары
"2010-жылга чейин элетти комплекстүү өнүктүрүү" улуттук стратегия-
сында аныкталгандай айыл жерлерин жылуулук менен жабдуу жана газдашты-
руу системаларын өнүктүрүүнүн негизги проблемаларына төмөнкүлөр кирет:
колдонулуудагы от казандарынын жана газ менен жабдуу системаларынын мо-
ралдык жана физикалык жактан эскириши; от казан жана газ чарбаларынын
системаларынын начар техникалык абалы; от казан жана газ чарбаларынын
системаларын техникалык кармоого жана бюджеттик каржылоонун жоктугу;
техникалык жактан окутулган тейлөөчү персоналдардын жетишпегендиги;
ушул кызматтарга төлөй ала турган абалдагы элет калкынын жетишпегенди-
ги; бул тармакта түрдүү мамлекеттик башкаруу органдарынын функцияларын
жетишсиз координациялоо; бул тармакта, барыдан мурда тариф саясатында
экономикалык мамилелердин жеткиликсиздиги, мыйзамдардын
өркүндөтүлбөгөндөгү.
Республиканын региондорунун көпчүлүк бөлүгүндө айыл жериндеги
калкты жылуулук менен жабдуу айыл калкынын басымдуу көпчүлүгү жашаган
менчик үйлөрдө меш менен жылытуу үчүн отун менен камсыз кылынат.
Бүгүнкү күндө айылдардын айланасындагы бак-дарактарды жана бадал-
дарды кыюуга туруктуу тенденция байкалат, анын масштабы коркунуч
түзүүчү мүнөзгө ээ болууда, ал улуттук бүлгүнгө алып келиши мүмкүн.
Бул коркунучтун алдын алуу максатында, айыл үйлөрүн жылытуу үчүн
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында калкты катуу орга-
никалык отун жана суюлтулган газ менен борбордоштурулган камсыз кылуу
структуралары түзүлүүгө тийиш, ал отунду, суюлтулган газды сатып алууга
жана аларды ар бир айыл конушуна жеткирүүгө жооп бериш керек.
Жеткирилген отун үчүн ар бир алуучу шаарларда коммуналдык жылытуу-
га төлөгөндөй эле бүткүл жыл ичинде, ай сайын аны төлөп турууга тийиш.
Айыл калкын катуу отун жана суюлтулган газ менен камсыз кылуу бо-
юнча түзүлгөн чарбалык эсептеги кызматтар даярдоо кампаниялары учурунда
транспорт ишканалары менен органикалык отунду жана суюлтулган газды
жеткирүүгө келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк алуулары керек, анткени транс-
порт каражаттарын кармоо экономикалык жактан пайдалуу эмес болот.
Айылдардагы социалдык-маданий чөйрө билим берүү, саламаттык сак-
тоо, администрациялык дайындоо объекттери аркылуу көрсөтүлүшү мүмкүн.
Эреже катары, айылдардагы мектептердин, кесиптик-техникалык лицей-
лердин, ооруканалардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын
имараттары эки жана үч кабаттуу болуп, заманбап план менен курулат,
алардын долбоорлорунда борбордук суу менен же буу менен жылытуу кара-
лат. Ар бир ири же орто айылда мындай объекттер 3дөн 5ке чейин болот,
көбүнчө алар калктуу конуштун ар кандай бөлүктөрүндө жайгашат, ошондук-
тан мындай шарттарда борбордук жылытуунун от казанын куруу экономикалык
жактан максатка ылайыксыз болуп эсептелет.
Бүгүнкү күндө айыл жеринде социалдык чөйрөнүн имараттарын жылытуу
үчүн бирден бир алгылыктуу вариант болуп алардын ар бирин модул-
дук-блоктук аткарылыштагы жекече чакан от казандар менен жабдуу эсепте-
лет, аларга жергиликтүү күрөњ көмүр жагылышы мүмкүн.
Республиканын кен казып алуу тармагын андан ары өнүктүрүү макса-
тында органикалык отундун энергия булактарын керектөөчүлөрдүн бардыгы
жергиликтүү көмүрдү гана пайдалануулары зарыл.
Ошентип, социалдык чөйрөнүн имараттарынын от казандары үчүн отун
катары Бешсары, Акулак, Кызылкыя, Сүлүктү жана башка кендеринин күрөњ
көмүрүн пайдалануу зарыл. Бирок суу жылытуучу типтеги колдонулуп жаткан
от казандар күрөњ көмүр менен натыйжалуу иштей албайт.
Принциптүү жањы конструктивдүү чечимдер жана жањы муундагы от ка-
зандар талап кылынат. Айылдагы социалдык чөйрөнү жылуулук менен камсыз
кылууну өнүктүрүү үчүн ишканаларда ушул сыяктуу от казандарды чыгарууну
жөнгө салуу алдыда турат.
Блоктук-модулдук типтеги чакан-от казандар монтаждык жана аракетке
келтирип жөнгө салуучу иштерди талап кылбайт, бул болсо аларды колдону-
уга киргизүүнү кыйла жөнөкөйлөтөт.
2. Айыл жерлерин жылуулук менен жабдуу жана
газдаштыруу системаларын өнүктүрүүнүн
негизги максаттары, милдеттери
жана артыкчылыктары
Бул Мамлекеттик программанын негизги максаты айыл жерлерин жылуу-
лук менен жабдуу жана газдаштыруу системаларын өнүктүрүү жаатында айыл
калкын жылуулук, суюлтулган газ жана көмүр менен камсыз кылуу дењгээлин
жогорулатуу, ошондой эле айыл жерлеринде эмгек жана тиричилик үчүн
ыњгайлуу шарттарды түзүү болуп эсептелет.
Мамлекеттик программа төмөнкү негизги максаттарга жетиш үчүн иште-
лип чыккан:
- керектелүүчү көлөмдө жылуулук жана газ менен жабдуу кызматтары
менен айыл калкын камсыз кылуу, айыл жерлеринде социалдык-экономикалык
жагдайды жакшыртуу;
- айыл калкын катуу отун (көмүр) менен үзгүлтүксүз жабдуу үчүн
отун базаларын айыл жерлеринде түзүү;
- айыл жерлеринде газ толтуруучу базаларды жана элет калкына суюл-
тулган газ таратуучу пунктарды түзүү;
- иштеп жаткан жылытуучу от казандарын жана газ чарба системаларын
реконструкциялоо жана капиталдык ремонт жүргүзүү;
- жергиликтүү көмүр казып алуучу ишканаларды өнүктүрүү;
- айыл жерлеринде инженердик инфраструктураны чыњдоо;
- кошумча жумуш орундарын түзүүнүн натыйжасында калктын ишке жа-
рамдууларын пайдалануу жана жумушсуздук дењгээлин азайтуу;
- от казандар объектилерин жана газ чарбасын реконструкциялоо жана
жањыларын курууга жеке капитал катары өлкөнүн ичинен да, чет өлкөдөн да
инвестицияларды тартуу;
- тамак-аш даярдоо жана жылытуу максатында токойлорду (бак-дарак
жана бадал өсүмдүктөрүн) отун катары кыюудан сактооо;
- экологиялык чөйрөнү жакшыртуу.
3. Мамлекеттик программаны ишке ашырууну
укуктук, маалыматтык-техникалык,
финансылык жана ресурстук
камсыздоо
1. Нормативдик-укуктук жана маалыматтык-консультациялык камсыздоо-
го жооптуулар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика боюнча мам-
лекеттик агентство;
- Кыргызтуракжайкоммунсоюз;
- "Кыргызгаз" акционердик коому;
- "Көмүр" мамлекеттик ишканасы;
- Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана ре-
гиодук өнүктүрүү боюнча министри;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
2. Мамлекеттик программаны каржылоонун негизги булактары болуп
төмөнкүлөр эсептелет:
- республикалык бюджет;
- бюджеттен тышкаркы каражаттар.
3. Кадрдык камсыздоо менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү ми-
нистрлиги иш жүргүзөт.
4. Мамлекеттик программаиын иш-чаралары
Мамлекеттик программанын иш-чаралары төмөнкү негизги бөлүмдөрдөн
турат:
- илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана айыл жерлерин жылуулук менен
жабдуунун жана газдаштыруунун оптималдуу методдорун иштеп чыгуу;
- жылуулук жана газ менен жабдуу системаларын долборлоо жана отун
ресурстарын жеткирүү;
- айылдардагы колдонулуп жаткан от казандарды реконструкциялоо жа-
на ремонттоо;
- айылдардагы газ менен жабдуу системаларын реконструкциялоо жана
ремонттоо;
- айыл калкын суюлтулган газ менен камсыз кылуу системаларынын на-
тыйжалуу иштешин уюштуруу;
- айыл калкын катуу отун менен камсыз кылуу системаларынын натый-
жалуу иштешин уюштуруу;
- Мамлекеттик программаны каржылоо үчүн бюджеттен тышкары каражат-
тарды тартуу боюнча чараларды көрүү.
5. Мамлекеттик программаны ишке ашырууда бийлик
жана башкаруу органдарынын иш-милдеттери
жана ыйгарым укуктары
Мамлекеттик программаны ишке ашырууга төмөнкү министрликтер жана
ведомстволор катышат:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги - Мамлекеттик програм-
маны финансылык камсыздоо;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги - кадрларды даяр-
доо;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр-жай жана соода
министрлиги - аз кубаттуулуктагы от казандарды жана газ эсептегичтерди
даярдоону камсыздоо;
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана реги-
ондук өнүктүрүү иштери боюнча министри - жергиликтүү өз алдынча башка-
руу органдары менен бирдикте Мамлекеттик программаны ишке ашырууга
көмөк көрсөтүү.
6. Корутунду
Бул Мамлекеттик программаныи негизги максаты 2010-жылга карата
айыл калкы үчүн жашоо-тиричилигине ыњгайлуураак шарт түзүү болуп эсеп-
телет. Мамлекеттик программаны ишке ашыруу "2010-жылга чейин айыл жер-
леринде жылуулук менен жабдуу жана газдаштыруу системаларын өнүктүрүү"
мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планына жана
Кыргыз Республикасынын айыл жерлеринде жылуулук менен жабдуу жана газ-
даштыруу системаларын өнүктүрүү боюнча иш-чараларга ылайык жүргүзүлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 49 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.01.2018 · № 49
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-февралындагы № 47 "2010-жылга чейин айыл жерлерин жылуулук менен жабдуу жана газдаштыруу системаларын өнүктүрүү" Кыргыз…Постановление · 01.02.2005 · № 47 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Национальная стратегия Кыргызской Республики "Комплексное развитие села до 2010 года" (Утверждена Указом Президента Кыргызской Республики от 23 июня 2004 года N 210)Стратегия · 23.07.2004 · № 210
- Национальная Стратегия сокращения бедности на 2003-2005 годы. Комплексная основа развития Кыргызской Республики до 2010 года (Утверждена постановлением Правительства Кыргызской…Стратегия · 08.05.2003 · № 269 · Күчүн жоготкон