61-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · VII бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 марта 2003 года № 63
1. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып колдонууга киргизилсин.
2. 8-статьянын 3-пунктунун 4-пунктчасы иштеп жаткан банктар үчүн
Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы тарабынан коммерциялык банктар ме- нен макулдашуу боюнча бекитилүүчү программага ылайык 2003-жылга чейин этаптар боюнча колдонууга киргизилет. "Кредиттик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынганга чейин Кыргыз банкы лицензияларды берүүгө, лицензиялоонун жана жөнгө салуунун эрежелерин белгилөөгө, ошондой эле кредиттик бирликтер- дин ишинин маселелери боюнча нормативдик актыларды чыгарууга укуктуу. 2-1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын банк ишине жана банктар- дын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин банкрот болушу (кудурет- сиздиги) маселесине тиешелүү бөлүгүндө ченемдердин карама-каршы келип калган учурунда, ушул Мыйзамдын жана банктар жөнүндөгү мыйзамдардын че- немдери колдонула тургандыгы белгиленсин
3. Төмөндөгүлөр:
- 1992-жылдын 12-декабрындагы "Кыргыз Республикасындагы банктар
жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын N 1057-XII Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 12-декабрындагы N 1058-XII токтому күчүн жоготту деп табылсын. (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев
1997-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
1997-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан жактырылган
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
61-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Распоряжение Правительства КР от 14 октября 1997 года N 396-рРаспоряжение · 14.10.1997 · № 396 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (2)
- Кредиттик союздар жөнүндөЗакон · 28.10.1999 · № 117
- Постановление Верховного Совета РК от 12 декабря 1992 года №1058-XII "О порядке введения в действие Закона Республики Кыргызстан "О банках и банковской деятельности в Республике…Постановление · 12.12.1992 · № 1058 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/560/st-61" title="61-статья - Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>