Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
59-2-статья. Банктын, банктык холдинг компанияларынын (башкы
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · VII бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
компаниялардын) жана банктардын аффилирленген юридикалык жактарынын аудити
1. Аудиттен өткөрүлүүчү топтун өкүлү болгон ар бир банк, банктык
холдинг компаниясы (башкы компания), банктын же банктык холдинг компа- ниясынын ири туунду компаниясы Кыргыз Республикасынын аудитордук иш тууралу мыйзамдарына ылайык, аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө лицен- зиясы бар көзкарандысыз аудитордук уюмдар (тышкы аудитор) тарабынан жыл сайын аудиттен өткөрүлөт. Ушул статьянын максаттары үчүн "банктын же банктык холдинг компа- ниясынын ири туунду компаниясы" - бул банктын же банктык холдинг компа- ниясынын:
- отчеттук финансы жылында банктын же банктык холдинг компаниясы-
нын дүњ кирешесинин 10 пайыздан көбүрөөгүн өндүргөн;
- же отчеттук финансы жылынын аягында банктын же банктык холдинг
компаниясынын консолидацияланган активдеринин 10 пайыздан көбүрөөгүнө ээ болгон кайсы гана болбосун туунду компаниясы. Бул статьянын жоболору Кыргыз банкы тарабынан лицензиялануучу жана аныкталуучу башка финансы-кредиттик мекемелерге карата да колдонулат.
2. Аудитордук уюм гана банктын тышкы аудитору болушу мүмкүн.
Банкта же банктык холдинг компаниясында аудит жүргүзүү үчүн танда- лып алынган аудитордук уюмдун:
- Кыргыз Республикасынын аймагында аудитордук ишти жүзөгө ашыруу
укугуна тиешелүү лицензиясы болууга;
- банктан көзкарандысыз болууга;
- аудиттин эларалык стандарттарына жана финансылык отчеттуулуктун
эларалык стандарттарына ылайык, финансы-кредиттик мекемелерде аудит жүргүзүү боюнча тажрыйбасы болууга;
- штатында же сырттан тартылган аудиторлору болууга тийиш.
Аудитордук уюмдун штатындагы же сырттан тартылган аудиторлор тө- мөндөгүлөргө ээ болууга тийиш:
- "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана
башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык квалификациясы;
- финансы-кредиттик мекемелерде аудит жүргүзүү боюнча 3 жылдык
тажрыйбасы;
- аудиттин эларалык стандарттарына жана финансылык отчеттуулуктун
эларалык стандарттарына ылайык, финансы-кредиттик мекемелерде аудит жүргүзүү боюнча тажрыйбасы;
- банктык иш чөйрөсүндөгү билими болууга тийиш.
Банктын аудитине катышышкан аудитордук уюм же аудиторлор же банк- тын аудитине катышууга тартылган аудиторлор банктан көзкарандысыз деп эсептелинет (анын корутундуларынын, тыянактарынын натыйжаларына ким- дир-бирөөнүн тийгизген таасиринен көзкарандысыз жана банктын тышкы ау- диторунун өз оюн билдирүүсүнө кимдир-бирөөнүн таасир тийгизишин жокко чыгарган шарттарда өз алдынча иш алып барууга жөндөмдүү), эгерде алар акыркы эки жылдын ичинде:
- инсайдер, Директорлор кењешинин, Башкарманын же банктын Аудит
боюнча комитетинин же ошол банктын кайсы гана болбосун аффилирленген жагынын мүчөсү;
- кайсы гана болбосун инсайдердин, Директорлор кењешинин, Башкар-
манын мүчөсүнүн, банктын кызматкеринин, банктын Аудит боюнча комитети- нин же банктын кайсы гана болбосун аффилирленген жагынын мүчөсүнүн иш- кер өнөктөшү (иш боюнча катышы бар);
- банктын же банктын кайсы гана болбосун аффилирленген жагынын ак-
ционери;
- банк, банктын аффилирленген жагы, банктын инсайдеринин кайсы га-
на болбосун аффилирленген жагы менен аудитордук уюмдун ишинин калысты- гына жана көзкарандысыздыгына кесепетин тийгизиши мүмкүн болгон ар кан- дай тике же кыйыр бүтүмдөрдүн же макулдашуулардын катышуучусу болуп са- налса.
3. Ушул статьянын максаттары үчүн "аудит" термини өзүндө аудитор-
дук уюмдарга, алардын штатына, сырттан тартылган аудиторлорго (жеке жа- на юридикалык жактарга), аудитордук текшерүүлөргө (кайсы гана баскычын- да болбосун), аудитордук корутундуларга коюлган талаптарды камтыйт.
4. Банктын же банктык холдинг компаниясынын аудити консолидация-
ланган негизде жана ар бир компанияда жекече жүргүзүлөт. Банктык хол- динг компаниясынын ири банктык эмес туунду компанияларындагы же банктын ири банктык эмес туунду компанияларындагы аудит өз алдынча негизде жүргүзүлөт.
5. Аудиттен өткөрүлүүгө тийиш болгон топко кирген бардык жактарды
аудиттен өткөрүү бир аудитордук уюм тарабынан жүзөгө ашырылууга тийиш. Эгерде банк жана аффилирленген жак тиешелүү далилдерди берсе, банктын жана анын аффилирленген жагынын (аффилирленген жактарынын) ары- зы боюнча Кыргыз банкы бул талаптарды алып салышы мүмкүн жана Кыргыз банкы төмөндө келтирилген жагдайлардын орун алышын тааныйт:
- аудиттин наркынын жогору болгонунан улам, аудиттен өткөрүлүүгө
тийиш болгон бардык топтор үчүн аудиттин бир аудитордук уюм тарабынан жүзгө ашырылышынын мүмкүн эместиги, анткени бул банктын финансы жагын- дагы абалына тескери кесепеттерин тийгизиши мүмкүн же аудитордук уюмдун жоктугу, бул керек болгон мезгил ичинде аудиттен өткөрүлүүчү топтун ар бир жагын аудиттен өткөрүүнү бүтүрүшү мүмкүн же аудиттен өтүүчү топтун ар бир жагына карата тиешелүү аудитти жүзөгө ашырышы ыктымал;
- банк жана анын аффилирленген жагы тарабынан ушул пункттун бирин-
чи абзацында көрсөтүлгөн талаптарды аткаруу боюнча бардык чаралар көрүлсө;
- ар кандай аудитордук уюмдар тарабынан аудиттен өткөрүлүүчү топ-
тун ар кандай жактарында аудитти жүзөгө ашырууга Кыргыз банкынын урук- сат берүүсү банктын кайсы гана болбосун аффилирленгсн жагында, же бүтүндөй банктык топто банктын аудитинин натыйжаларына тескери таасирин тийгизбеген болсо. Кыргыз банкы аудиттен өткөрүлүүгө тийиш болгон топко кирген бардык жактардын бир аудитордук уюм тарабынан аудиттен өткөрүлүшүнө коюлган талапты, аудиттен өткөрүлүүчү топко кирген ар кандай жактарды болжол менен аудиттен өткөрүүгө тийиш болгон бардык аудитордук уюмдар бири-би- рине иш боюнча документтерди алуу мүмкүнчүлүгүн берүү жана банкты, анын аффилирленген жагын аудиттен өткөрүүгө тиешелүү болгон аудитордук кору- тунду менен таанышууга, аудит өтүп жаткан мезгил ичинде маалыматтар ме- нен алмашууга, ошондой эле алардын аудитордук корутундуларынын мазмуну- на жараша өзара иш алып барууну жүзөгө ашырууга жазуу жүзүндө макулдаш- канга чейин алып сала албайт.
6. Банктын жылдык финансылык отчеттуулугу (бухгалтердик эсепке
алуусу) аудит финансы жылы аяктагандан кийинки 90 күндөн кечиктирилбес- тен бүткөрүлүүгө тийиш.
7. Банктын ушул статьянын талаптарына ылайык түзүлгөн жана тиеше-
лүү түрдө күбөлөндүрүлгөн аудитордук корутундусунун көчүрмөсү банк та- рабынан банктын финансы жылы бүткөндөн кийинки 105 күндөн кечиктирил- бестен Кыргыз банкына берилүүгө тиииш.
8. Банктар жылдык финансы отчетун ал аудитордук уюмдар тарабынан
тастыкталгандан кийин финансы жылы аяктагандан кийинки 120 күн ичинде республикалык жана жергиликтүү маанидеги жалпыга маалымдоо каражатта- рында Кыргыз банкы тарабынан белгиленген тартипте жана формада жарыяла- шат. Банктар финансы отчетторун жалпы республикалык маанидеги жалпыга маалымдоо каражаттарында квартал сайын ар бир квартал аяктагандан кийин 30 күн ичинде Кыргыз банкы тарабынан белгиленген тартипте жана формада жарыялашат.
9. Кыргыз банкынан лицензия алышкан банктарда жана финансы-кредит-
тик мекемелерде аудитти жүргүзүү банктарда аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн аудиттин эларалык стандарттарына жана Кыргыз банкы тара- бынан белгиленген минималдуу критерийлерге (талаптарга) ылайык келүүгө тийиш.
10. Эгерде банк, анын кайсы гана болбосун туунду компаниясы, банк-
тык холдинг компания же банктык холдинг компаниясынын кайсы гана болбо- сун ири туунду компаниясы эскертүүсү менен аудитордук корутунду алса же аудитордон кандайдыр бир башка тескери пикирин алса, Кыргыз банкы банк- тан, банктык холдинг компаниясынан же туунду компаниядан аудитордук ушундай ой-пикирлерге алып келген кемчиликтерди оњдоону талап кылууга тийиш. Эгерде билинген кемчиликтер Кыргыз банкы тарабынан белгиленген мезгил ичинде четтетилбесе, Кыргыз банкы банктын жетекчилигине, Дирек- торлор кењешинин мүчөлөрүнө, банктын Аудит боюнча комитетинин мүчөлөрү- нө, контролдоочу акционерлерге жана/же банктын өзүнө карата лицензияны кайтарып алууга чейинки банк мыйзамдарында белгиленген ар кандай чара- ларды колдонууга укуктуу.
11. Банктын Директорлор кењеши банк же банктык холдинг компаниясы
тарабынан тышкы аудитордун тандалып алынгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө үч жумуш күнүнүн ичинде Кыргыз банкына билдирүүгө милдеттүү.
12. Банк өзүнүн аудитордук корутундусунун жана отчетунун
Көчүрмөсүн финансы отчету жана жетекчиликке жазылган кат менен бирге ал аудитордук уюм тарабынан банкка же банктын аффилирленген юридикалык жа- гына берилгенден кийин 10 жумуш күнүнүн ичинде Кыргыз банкына берүүгө тийиш. Кыргыз банкы ошондой эле ушул статьяга ылайык жүзөгө ашырылган кайсы гана болбосун аудитордук текшерүүлөргө байланыштуу кандай гана болбосун документтерди кароого, алардын көчүрмөсүн алууга укуктуу. Аудитордук уюм ушул статьяга жүргүзүлүүчү кайсы гана болбосун ау- дитордук текшерүүлөргө байланышкан ар кандай документтердин көчүрмөлө- рүн банкка берүүгө милдеттүү. Банк ушул пункттун экинчи абзацы боюнча Кыргыз банкынын талабы бо- юнча маалымат берүүгө милдеттүү. Эгерде аудитордук текшерүү аудитордук ишти мамлекеттик жөнгө салу- учу ыйгарым укуктуу орган тарабынан же Кыргыз банкы тарабынан аудиттин эларалык стандарттарына жана "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келбеген катары таанылса, Кыргыз банкы тышкы аудитордун корутундусун кабыл албоого жана банкты же аффилирленген жакты кайталап аудиттен өткөрүүнү талап кылууга укуктуу. Кайталап аудит өткөрүү банктын же анын аффилирленген жагынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
13. Тышкы аудитор текшерүүнүн жүрүшүндө билинген жана аудиттен
өткөрүлүүчү финансы отчетуна түздөн-түз тиешеси бар жана олуттуу таасир тийгизүүчү мыйзам бузуулардын фактылары жөнүндө банктын жетекчилигине билдирүүгө тийиш. Билинген учурда банктын тышкы аудитору 2 жумуш күнүнүн ичинде банкка төмөндөгүлөрдү билдирет:
1) банкты аудитордук текшерүүнүн жүрүшүндө банкта тышкы аудитти
жүзөгө ашыруудан баш тартуу чечими жөнүндө;
2) белгилүү болгон бүтүмдөр жана/же жагдайлар тууралу алардын не-
гизинде Кыргыз банкы "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чараларды көрө алат;
3) алдамчылыктын же алдамчылык схемаларынын бетин ачуу же арам ак-
чаларды жүгүртүү жана/же терроризмди каржылоо операциясынын белгилерине жата турган бүтүмдөрдүн белгилүү болушу жөнүндө;
4) тышкы аудитордун өтүнүчү боюнча банктын Кыргыз банкына кандай-
дыр бир маалыматтарды билдирүүдөн баш тарткандыгы жөнүндө;
5) банктагы же аудиттин эларалык стандарттарына ылайык аффилирлен-
ген юридикалык жактагы олуттуу бир кыйла чыгымдарга алып келиши мүмкүн болгон катачылыктардын же кемчиликтердин табылгандыгы жөнүндө;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган дагы башка учур-
ларда. Жогоруда аталган маалыматтарга тиешелүү документтер берилүүгө ти- йиш. Банктын жетекчилиги тышкы аудиторлорго белгилүү болгон бул чөйрө- дөгү мыйзам бузуулардын фактылары же тышкы аудитти өткөрүүдөн баш тар- туу жөнүндө маалыматтарды 2 жумуш күнүнүн ичинде Кыргыз банкына билди- рүүгө милдеттүү. Жетекчилик бул маалыматты Кыргыз банкына бербеген учурда тышкы аудитор банктын жетекчилигине бул фактылар жөнүндө Кыргыз банкына билдирет.
14. Банктарды жана алардын аффилирленген юридикалык жактарын ау-
диттен өткөргөн аудитордук уюмдар тарабынан маалыматтардын Кыргыз бан- кына берилиши "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун бузгандык болуп саналбайт. (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын, 2004-жылдын 15-декабрындагы N 192 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/560/st-59-2" title="59-2-статья - Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>