59-статья. Банк ишинин негизги көрсөткүчтөрүн жарыялоо
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · VII бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 16 мая 2008 года № 88
1. Банктын жылдык отчету жылдык баланс жана кирешелери жана чыга-
шалары жөнүндөгү отчету менен кошо алардагы маалыматтардын аныктыгы ау- дитордук фирма (аудитор) далилдегенден жана жылдык баланс жана киреше- лер жана чыгашалар жөнүндөгү отчеттор акционерлердин жылдык чогулушунда бекитилгенден кийин басылмаларда Кыргыз банкы тарабынан аныкталган фор- малар боюнча, эсепке алуу стандарттарында жана мөөнөттөрдө жарыяланат. Жылдык финансылык отчетту ачып көрсөтүү банктын операцияларынын өлчөмүнө жана табиятына дал келүүгө тийиш.
2. Өз ишинин негизги көрсөткүчтөрүн ачып көрсөтүүдө банк төмөнкү-
лөрдү аткарууга милдеттүү: ар кандай операциялардагы жана портфелдик салымдардагы кредиттик тобокелдиктердин дењгээлине баа берип эсептөө үчүн пайдаланылган сая- сат, иш-тажрыйбалар жана усулдар жөнүндө маалыматтарды даана көрсөтүү- гө; кредиттик жоготуулардын ордун жабууга каралган жалпы жана атайы резервдерге чегерүүлөрдү аныктоодо пайдаланылган саясат жана усулдар жөнүндө маалыматтарды толук ачып көрсөтүүгө. Ушундай аныктоону пайдала- нуудагы негизги маалыматтарды банктын түшүндүрүүсү керек; банк кредиттик тобокелдиктерди кантип аныктай тургандыгы жана бул тобокелдиктер ишкердиктин кайсы түрүндө келип чыгаары пайдалануучуга түшүнүктүү болуусу үчүн кредиттик тобокелдиктердин келип чыгыш табияты жөнүндө сапаттуу маалыматтарды берүүгө; банктын олуттуу катышуучулары, менеджменти, уюштуруу түзүмү жөнүн- дө, анын ичинде кредиттик тобокелдиктерди башкаруу боюнча банктын функ- цияларынын түзүмү жана анын уюштурулушу боюнча, ошондой эле тобокелдик- терди контролдоо саясаты жана тажрыйбасы жөнүндө маалыматтарды ачып көрсөтүүгө; мөөнөтүндө төлөнбөгөн жана "начар" активдерин кайтарып алуу техни- касы (жолдору) жана усулдары жөнүндө маалыматтарды ачып көрсөтүүгө тий- иш; колдонулуп жаткан кредиттик рейтингдик тутумдун жана кредиттик то- бокелдиктин дењгээлин өлчөө үлгүлөрү жөнүндө маалыматтарды берүүгө тий- иш; утурумдук карыздарды кошо алганда, салымдар боюнча карыздарды, алардын негизги түрлөрү жана категориялары боюнча келечекте келип чыгы- шы мүмкүн болгон потенциалдуу жоготуулары тууралу мүмкүн болушунча даа- на көрсөтүү. Маалыматтар 1 жылга чейинки, 1 жылдан 5 жылга чейинки, 5 жылдан ашык мөөнөттөргө каралган, ошондой эле карыз алуучунун тармактык таандуулугу жана аймактык жайгашуусу боюнча берилген кредиттер, соода- лык жана инвестициялык портфелдер, активдер жана милдеттенмелерди баш- каруу портфелдери жана баланстан тышкаркы операциялар боюнча бардык но- миналдык салымдардын суммасы боюнча берилет; кредиттик тобокелдиктердин концентрациялануусу жөнүндө маалымат- тарды ачып көрсөтүүгө; банк тарабынан күрөөлүк камсыздоону, гарантияларды жана кепилдик берүүлөрдү, кредитти камсыздандырууну кошуп алганда, кредиттик тобокел- диктердин оорчулугун төмөндөтүүдө пайдаланылган техникалар жөнүндө дагы башка маалыматтарды ачып көрсөтүүгө; жыл ичинде реструктуризацияланган кредиттер жөнүндө жалпы маалы- маттарды ачып көрсөтүү; кирешелер, алынган таза пайда жана активдердеги жана капиталдагы кайтарымдуулуктар жөнүндө маалыматтарды ачып көрсөтүүгө; мыйзамдардын жана Кыргыз банкы тарабынан белгиленген талаптардын жана экономикалык ченемдердин аткарылышы жөнүндө маалыматтарды ачып көрсөтүүгө; көзөмөл жана жөнгө салуу органдары тарабынан (Кыргыз банкы, баалуу кагаздар рыногу боюнча Мамлекеттик комиссия) банкка жана анын кызмат адамдарына карата айып санкциялары, жетекчилерди алмаштыруу, кошумча капитализациялоо же кошумча капитал берүү сыяктуу өзүнө карата көрүлгөн чаралар тууралу маалыматтарды толук ачып көрсөтүүгө. (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын, 2008-жылдын 16-майындагы N 88 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
59-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 16 мая 2008 года № 88 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 марта 2003 года № 63 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике".Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/560/st-59" title="59-статья - Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>