56-статья. Банктардагы акча каражаттарына жана башка
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · VI бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 мая 2009 года № 167
баалуулуктарга камак салуу жана аларды төлөмгө коюу, кардарлардын эсептери боюнча иш-аракеттерди токтото туруу
1. Юридикалык жактардын банктардагы акча каражаттарына жана башка
баалуулуктарына республиканын мыйзамдарына ылайык соттун аныктамасы (өкүмү) же чечими, тергөө органдарынын токтому боюнча гана камак салы- нышы мүмкүн. Өндүрүп алуу сот тарабынан берилген аткаруу документтери- нин негизинде гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
2. Жеке адамдардын банктардагы акча каражаттарына жана башка баа-
луулуктарына соттун аныктамасы, чечими, өкүмү, өндүрүштө турган иштер боюнча прокурордун санкциясы менен тергөө органдарынын токтому боюнча гана камак салынышы мүмкүн, ал эми өндүрүү соттун өкүмү же чечими менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Банктагы документтерди алуу соттун чечими боюнча же прокурордун санкциясы боюнча тергөө органдары тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Граждандардын акча каражаттарын жана башка баалуулуктарын кон-
фискациялоо мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдүн же соттун мүлктү конфиска- циялоо жөнүндө мыйзамга ылайык чыгарылган норманы камтыган токтомунун негизинде гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
4. Банктар террористтик же экстремисттик ишке (терроризмди же экс-
тремизмди каржылоого) катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар болгон жеке жана юридикалык жактардын операцияларын же бүтүмдөрүн "Терроризмди кар- жылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди ачыкка чыгарууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын- да каралган тартипте жана мөөнөттө токтотот. (Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-майындагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
56-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/560/st-56" title="56-статья - Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>