Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
49-4-статья. Банктык холдингдик компанияларды башкаруу
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · V бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
1. Банктык холдингдик компаниялардын кызмат адамдары, Директорлор
кењешинин (байкоочу органынын), Башкармасынын мүчөлөрү (аткаруу органы) Кыргыз банкы тарабынан белгиленген кесиптик жактан ылайык келүү талап- тарына жооп берүүгө тийиш. Банктардын Директорлор кењешинин, Башкарма- сынын мүчөлөрүнө карата колдонулуучу камкордук милдеттери, ошондой эле банктык холдингдик компаниялардын байкоочу органынын жана башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрүнө карата да колдонулат.
2. Ар бир банктык холдингдик компаниянын 3-5 мүчөдөн турган, акци-
онерлердин жалпы жыйналышы тарабынан бир жылга дайындалган аудит боюнча Комитети болууга тийиш. Банктык холдингдик компаниянын Башкармасынын (аткаруу органынын) мүчөлөрү жана алардын кызматкерлери бир эле учурда аудит боюнча Комитеттин мүчөлөрү болууга тийиш эмес. Аудит боюнча Коми- теттин мүчөсү банктык холдингдик компаниянын туунду банкынын же туунду компаниясынын Башкармасынын (аткаруу органынын) мүчөсү же кызматкери боло албайт.
3. Банктык холдингдик компаниянын аудит боюнча Комитети
төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:
- банктык холдингдик компания үчүн тиешелүү бухгалтердик процеду-
раларды жана ички контролдук тутумдарды түзүүнү жана колдоону камсыз кылууга;
- банктык холдингдик компаниянын ички аудитинин кызматкерлигине
талапкерлерди жактырууга, алардын сый акысынын өлчөмүн белгилөөгө, иши- не баа берүүгө;
- банктык холдингдик компаниянын тышкы аудиторлорун тандоого (же
тандалып алынгандарды жактырууга), сый акылардын дењгээлин аныктоого жана тышкы аудиторлордун отчетторун кароого;
- банктык холдингдик компаниянын ички аудитинин кызматкерлеринин,
менеджментин жана тышкы аудиторлордун банктык холдингдик компаниянын финансылык жана ишкердик активдүүлүгү жөнүндө отчетторун жана алардын мыйзамдарга жана Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актыларына, банкка жана банктык холдингдик компанияга тиешелүү чечимдерге ылайык келүүсүн кароого жана банктык холдингдик компаниянын байкоочу органына өзүнүн тыянактары жөнүндө билдирүүгө;
- банктык холдингдик компаниянын Директорлор кењешине (байкоочу
органына), Кыргыз банкына Директорлор кењеши (байкоочу органы) тарабы- нан сунуш кылынган маселелер боюнча же аудит боюнча Комитеттин пикири боюнча банктык холдингдик компаниянын туруктуу иштеп туруусуна таасир этиши мүмкүн болгон маселелер боюнча корутундусун берүүгө;
- Директорлор кењешине (байкоочу органына) бети ачылган тартип бу-
зууларды же операциялык кемчиликтерди оњдоо боюнча чараларды сунуш кы- лууга;
- Кыргыз банкына, Директорлор кењешине (байкоочу органына) жана
Башкармага (аткаруу органына) бети ачылган кемчиликтер тууралу бил- дирүүгө;
- Банктык холдингдик компаниянын уставына ылайык башка милдеттерди
аткарууга.
4. Аудит боюнча Комитет бир кварталда кеминде бир жолу жыйналыш
өткөрүп турууга тийиш. Чечимдер аудит боюнча Комитеттин катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүгү тарабынан кабыл алынууга тийиш. Добуш берүүгө ка- тышпай калуу пикир келишпестиктер келип чыккан учурда гана болушу мүмкүн.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/560/st-49-4" title="49-4-статья - Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>