39-2-статья. Таасир этүүнүн чектөөчү чаралары
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · V бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
1. Кыргыз банкы ченемдик жана милдеттүү түрдө сактала турган че-
немдердин жана лимиттердин, Кыргыз банкынын ченемдик укуктук актылары- нын бузулушун, анын ичинде банктын кызмат адамдары, кызматкерлери жана аффилирленген жактары тарабынан анын финансылык коопсуздугуна жана ту- рукташтыгына, ошондой эле аманатчылардын таламдарына коркунуч алып ке- лиши мүмкүн болгон укук ченемсиз иш-аракеттеринин (иш-аракетсиздигинин) натыйжасы болуп саналуучу ката кетирүүлөрдү тапкан учурда, Кыргыз банкы банкка жана анын аффилирленген жактарына карата мыйзамдар тарабынан белгиленген таасир этүүнүн чектөөчү чараларын колдонууга укуктуу. Таасир этүүнүн чектөөчү чараларын колдонуунун тартиби Кыргыз банкы тарабынан белгиленет.
2. Ушул Мыйзамды аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук
банкы менен банктардын же банк операцияларынын айрым түрлөрүн жүзөгө ашыруучу уюмдардын жана алардын уюмдаштыруучуларынын (катышуучулары- нын), юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ортосундагы келип чыгу- учу бардык талаш-тартыш маселелери талаш-тартыштарды жөнгө салуунун сотко чейинки тартибин милдеттүү түрдө сактоо менен Кыргыз Республика- сынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте чечилет. (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/560/st-39-2" title="39-2-статья - Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>