38-статья. Эсептешүүлөрдү уюштуруу
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · IV бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 марта 2003 года № 63
1. Банк электрондук төлөө системаларын колдонуу менен жүргүзүлүүчү
эсептешүүлөрдү кошуп алганда, Кыргыз Республикасында жана эл аралык банктык тажрыйбада кабыл алынган түрлөрдө эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырат.
2. Каражаттарды которууга жана салыктарды төлөөгө байланыштуу кар-
дарлардан төлөм тапшырмалары келип түшкөндө, алардын эсебинде каражат- тар болгондо, салыктарды төлөө боюнча кардарлардын тапшырмаларын атка- руу банк тарабынан биринчи кезекте жүргүзүлөт. Банк салыктык жана башка бюджетке төлөнө турган суммаларды кардар- дын эсебинен каражаттарды алуу боюнча иштер жүргүзүлгөн күндө жөнөтүүгө милдеттүү. Бюджеттен каражаттарды банктын кардарынын эсебине которуу жөнүндө казыналыктан тапшырма келип түшкөндө, бул тапшырмалар алар казыналыктан алынган күнү аткарылат. Эгерде салыктын суммасы төлөм тапшырмасы келип түшкөн күнү бюджетке которулбаса, банкка финансылык санкция колдонулат
- төлөм келип түшкөн күндөн тартып салык бюджетке иш жүзүндө чегерил-
генге чейин кечиктирилген ар бир күн үчүн, которулууга тиешелүү болгон сумманын 0,15 проценти өлчөмүндө туум салынат. (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
38-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/560/st-38" title="38-статья - Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>