36-статья. Проценттик ставкалар жана комиссиялык акынын өлчөмү
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · IV бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
1. Проценттердин ставкалары жана комиссиялык акы ошондой эле, көр-
сөтүлгөн банктык кызматтар үчүн тарифтер банк тарабынан өз алдынча бел- гиленет. Банктык кызмат көрсөтүү үчүн пайыздардын, комиссиялык сыйакылардын жана тарифтердин ставкаларынын дењгээли жөнүндө маалымат ачык болууга тийиш жана алар коммерциялык же банктык сырдын предмети болушу мүмкүн эмес. Ишенимдүү, жылдык, натыйжалуу салыштырылуучу эсептөөдө пайыздар- дын жана комиссиялык сыйакылардын ставкалары банк жана кардар түзүүчү эки тараптуу келишимдерде, ошондой Эле банктык кызмат көрсөтүү үчүн пайыздык ставкалардын жана комиссиялык сыйакылардын дењгээли жөнүндөгү маалыматты жарыялоо жака таратуу учурунда көрсөтүлүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн талаптар сакталбаган учурда Кыргыз банкы банкка карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.
2. Банк кардарлар менен макулдашуунун негизинде экономикада
түзүлүп жаткан абалды эске алуу менен депозиттер жана кредиттер боюнча проценттик ставкалардын өлчөмүн мезгил-мезгили менен кайрадан карап чы- га алат. Бул шарт банк менен кардардын ортосунда түзүлгөн келишимдерде бекемделүүгө тийиш.
3. Банк тутумунда монополияга жол бербөө, ошондой эле банктар та-
рабынан сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөрдүн транспаренттүүлүгүн камсыз кылуу максатында Кыргыз банкы ченемдик укуктук актыларды чыгара алат жана/же банктар үчүн ушул статьянын 1 жана 2-пункттары боюнча чек- төөлөрдү белгилей алат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 16-майындагы N 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
36-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/560/st-36" title="36-статья - Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>