27-статья. Кызыкчылыктардын каршылаштыктары
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 1 декабря 2005 года №158
1. Банктын Директорлор кењешинин мүчөлөрү:
1) өз милдеттерин аткарууда банкка берилгендигин сактоого жана би-
ринчи кезекте банктын гана кызыкчылыгын коргоого, алгылыктуу жана таза банктык тажрыйбаны жүргүзүүгө жана аны камсыздоого бардык күч-аракет- терди жумшоосу керек;
2) башка бир атаандаш кредиттик-финансылык уюмуна Башкармасынын
мүчөсү же жетекчи кызмат адамы катары катыша албайт;
3) мамлекеттик бийлик органдарынын кызмат адамдары боло алышпайт.
Ушул пунктчада келтирилген талап мамлекеттик банктардын Директорлор кењешинин мүчөлөрүнө таратылбайт.
2. Банк Башкармасынын мүчөлөрү:
1) өз милдеттерин аткарууда биринчи кезекте банктын гана кызыкчы-
лыгын көздөө менен алгылыктуу жана таза банктык тажрыйбаны жүргүзүүгө жана камсыздоого милдеттүү;
2) башка атаандаш болгон кредиттик-финансы уюмуна Директорлор
кењешинин, Башкармасынын мүчөсү же жетекчи кызмат адамы катары катыша албайт.
3. Банк менен банктын ушул статьяда көрсөтүлгөн инсайдерлеринин
ортосунда түзүлгөн ар кандай бүтүмдөр банктын Директорлор кењеши тара- бынан жактырылууга тийиш. Банктын Директорлор кењешинин мүчөсү өзүнүн жеке (түздөн-түз же кыйыр түрдө) кызыкчылыгы бар маселелер боюнча тал- куулоолорго жана добуш берүүгө катыша албайт. Директорлор кењешинин же Банк башкармасынын мүчөсү жеке кызыкчылы- гына тиешелүү маселелерди талкуулоого жана ал боюнча добуш берүүгө (тике же кыйыр түрдө) катышпайт жана анын кызыкчылыгына тиешелүү масе- лелерди талкуулоо учурунда заседаниеден (чогулуштан) чыгып кетүүгө тий- иш.
4. Эгерде, кызыкчылыктардын каршылаштыгы келип чыккан учурда,
банктын Директорлор кењеши көтөрүлгөн маселе боюнча добуш берүүдөн баш тартат же чечим кабыл ала албайт, банктын Директорлор кењешинин мүчөлөрү көпчүлүк добуш менен бул маселени банктын акционерлеринин жыл- дык же кезексиз чогулушунун кароосуна берүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
5. Банк менен келишилген бүтүмдө же болжолдонуп жаткан бүтүмдө та-
рап катары чыккан Директорлор кењешинин же Банк башкармасынын мүчөсү келишилип жаткан бүтүмдөгү анын кызыкчылыгынын дењгээли жана/же конк- реттүү жак менен канчалык дењгээлде өз ара мамиледе экендиги жөнүндө маалыматты жазуу жүзүндө банкка толук ачып көрсөтүүгө тийиш. Директор- лор кењешинин же Банк башкармасынын мүчөсү бул маалыматтарды мына ушун- дай бүтүмдөр келишилгендиги же ал болжолдонуп жаткандыгы жөнүндө аларга маалым болгондон кийин дароо эле ачып берүүгө тийиш. Эгерде бүтүм келишими Директорлор кењешинин же Банк башкармасынын мүчөлөрү же алар менен байланыштуу башка жактар үчүн мүлктүк же финан- сылык, же башка пайда көрүү жагын билдирсе, маалыматтарды ачып берүү жүзөгө ашырылууга тийиш. Директорлор кењешинин же Банк башкармасынын мүчөсү таламдар боюнча пикир келишпестиктердин келип чыгышына түрткү берген фактыларды ачып көрсөтүүгө көмөктөшүүгө тийиш.
6. Директорлор кењешинин же Банк башкармасынын мүчөсү жылына ке-
минде бир жолу Директорлор кењешине же Банк башкармасына өздөрүнүн ком- мерциялык, ишкердик же башка материалдык кызыкчылыктарына (жеке кызык- чылыктарына) тиешелүү маалыматтарды берип турууга тийиш.
7. Банктын кызмат адамдары өздөрү иштеген банктын алдында камкор-
дук көрүү милдеттенмесин аркалашат, банктын жана анын кардарларынын кы- зыкчылыктарын өздөрүнүн акчалай жана башка материалдык кызыкчылыгынан жогору коюуга тийиш жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ыла- йык банк менен түзүлгөн келишимдин негизинде төлөнүп берилген эмгек акыдан жана башка сый акылардан тышкары ээлеген кызмат ордунан же банк- тын жана анын кардарларынын эсебинен көрүлгөн иш-аракеттеринен пайда ала алышпайт.
8. Банктын акционерлери, кызмат адамдары банктарга же алар менен
жалпы кызыкчылыгы бар жактарга кредиттерди, гарантияларды берүүгө түрт- кү берген аракеттерди же депозиттер боюнча төлөнүүчү жогорулатылган проценттик ставкаларды белгилөөнү, эгерде алар банк менен жалпы кызык- чылыгы бар кардарлар үчүн көрсөтүлгөн кызматтарга салыштырганда бир кыйла пайдалуу шарттарда белгиленген болсо, кандайдыр бир пайда көрүү жагын көздөгөн башка аракеттерди жүзөгө ашырууну кошо алганда, банктын кардарларынын таламдарына кесепетин тийгизген аракеттерди жасоого тийиш эмес. Бул тыюу салуу өзүнө качан, бул адамдарга (карыз алуучуларга) түздөн-түз байланыштуу болгон тобокелдиктерден улам, кредиттер адатта берилбей келген адамдарга кредит берилип калган учурларды өзүнө кам- тыйт.
9. Качан банктын кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин таламда-
ры банктын кардарларынын алдындагы милдеттенмелери менен каршы келген же банктын бир кардарынын алдындагы милдеттенмеси банктын башка кардар- ларынын алдындагы милдеттенмелери менен каршы келип калган учурда, банк мындай абалдын пайда болушун четтетүү максатында алгылыктуу ички меха- низмдерди жана жол-жоболорду иштеп чыгууга тийиш. Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык кардарлардын таламдарына банктын ишинен, ошондой эле үчүнчү жактын ара- кетинен улам келип чыккан потенциалдуу коркунуч жөнүндө банк өзүнүн кардарларына күн мурунтан билдирүүгө тийиш.
10. Ушул статьянын жоболорун бузууга жол берилген учурларда:
1) сот бүтүмдү банктын, банктын акционеринин же Кыргыз банкынын
билдирүүсүнүн негизинде жараксыз деп таанышы мүмкүн;
2) Кыргыз банкы банктын кызмат адамын кызматын аткаруудан убакты-
луу четтетүүгө же аны кызматтан алуу талабын коюуга укуктуу;
3) Кыргыз банкы банк мыйзамдары тарабынан каралган башка чараларды
жана санкцияларды колдонууга укуктуу. (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2005-жыл- дын 1-декабрындагы N 158 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 1 декабря 2005 года №158 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 марта 2003 года № 63 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике".Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- ПОЛОЖЕНИЕ о корпоративном управлении в коммерческих банках Кыргызской РеспубликиПоложение · 26.03.2008 · № 13/4
- Положение о лицензировании деятельности банков (утверждено постановлением Правления Нацбанка КР от 2 марта 2006 года № 5/7)Положение · 02.03.2006 · № 5/7 · Күчүн жоготкон
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПРАВЛЕНИЯ НАЦБАНКА КР от 26 марта 2008 года № 13/4 "О Положении "О корпоративном управлении в коммерческих банках Кыргызской Республики"Постановление · 26.03.2008 · № 13/4 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/560/st-27" title="27-статья - Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>