25-2-статья. Ички контролдук тутум
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
25-2-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 25-2-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Банк алдына койгон максаттарына жетишүүдө терс таасирин тийги-
зиши мүмкүн болгон материалдык жана финансылык тобокелдиктерди туруктуу негизде иликтөөгө жана ага убагында баа берип, алдын алууга мүмкүндүк берген ички контролдук тутумуна ээ болууга тийиш. Мындай баа берүү бар- дык тобокелдиктерди, анын ичинде кредиттик тобокелдикти, проценттик ставканын өзгөрүш тобокелдигин, валюталык тобокелдикти, концентрацияла- нуу тобокелдигин, өтүмдүүлүк тобокелдигин, операциялык тобокелдикти, юридикалык тобокелдикти, аброй тобокелдигин, терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди ачыкка чыгаруу (адалдоо) схемасы- на банктарды тартуу тобокелдигин жана башка тобокелдиктерди өзүнө кам- тууга тийиш.
2. Ички контролдук тутумунун чегиндеги контролдук иш-аракеттер
банктын күндөлүк иш-аракетинин ажырагыс бөлүгү болууга тийиш. Алар бол- боду дегенде, төмөндөгү иш-аракеттерди камтууга тийиш: жетекчиликтин обзорун; бөлүмдөр жана башкармалыктардын дењгээлиндеги контролдук иш-аракеттерди; контролдуктун иш жүзүндө болгондугун; белгиленген ли- миттердин ылайык келүүсүн текшерүүнү жана ылайык келбөөчүлүктөргө көз салууну; операцияларды жана бүтүмдөрдү кароо жана санкциялоо тутумун, ылайык келүүчүлүктү текшерүү жана салыштыруу тутумун.
3. Банк ыйгарым укуктарды жана милдеттенмелерди бөлүштүрүү тутуму-
на ээ болууга тийиш. Кызыкчылыктар боюнча потенциалдуу карама-каршылык- тардын чөйрөсү аныкталууга, минимумга жеткирилүүгө жана көз карандысыз көз салынууга тийиш.
4. Банк оперативдик режимде адекваттуу жана такталган толук финан-
сылык жана башка маалыматтарга, ошондой эле банктын жетекчилигинин че- чимдерди кабыл алуусуна карата байланышы болгон рыноктук окуялар жана шарттар жөнүндөгү маалыматтарга ээ болууга тийиш.
5. Банк банктын ишинин бардык маанилүү чөйрөсүн жана операцияларын
камтуучу ишенимдүү маалыматтык тутумдарга ээ болууга тийиш. Бул тутум- дар электрондук формадагы маалыматтарды камтуу менен ишенимдүү жана ти- ешелүү инструменттер жана технологиялар менен корголууга тийиш. Алардын ишенимдүүлүгүн мониторингдөө тышкы жана ички аудиторлор тарабынан жүзөгө ашырылат. Банк ички контролдун натыйжалуулугун мониторингдөө боюнча тутумга ээ болууга тийиш. Негизги тобокелдиктерди мониторингдөө банктын күндө- лүк ишинин бөлүгү болууга тийиш.
6. Банк терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган ки-
решелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жана милдеттүү контролго алынуучу операциялар жана терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) менен байланыш- кан шектүү операциялар жөнүндө ыйгарым укуктуу органга маалымат берүүгө багытталган ички контроль тутумуна ээ болууга тийиш. Банктар терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган ки- решелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракет кылуу боюнча чара- ларды жүзөгө ашыруу жана шектүү бүтүмдөр боюнча контролду күчөтүү мак- сатында, терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган киреше- лерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер боюнча ыйгарым укук- туу органдан террордук (экстремисттик) ишке жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) катышы бар жактардын тизмеси жөнүндө маалыматты алышат.
7. Операцияларды банк ишинин жана каржылоонун исламдык принципте-
рине ылайык жүргүзүүчү банктын ички контролуна карата талаптарды Кыргыз Банкы тарабынан белгиленет. (КР 2003-жылдын 26-мартындагы N 63, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 217, 2009-жылдын 28-марты № 93,2009-жылдын 26-майындагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- ПОЛОЖЕНИЕ о корпоративном управлении в коммерческих банках Кыргызской РеспубликиПоложение · 26.03.2008 · № 13/4
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПРАВЛЕНИЯ НАЦБАНКА КР от 26 марта 2008 года № 13/4 "О Положении "О корпоративном управлении в коммерческих банках Кыргызской Республики"Постановление · 26.03.2008 · № 13/4 · Күчүн жоготкон
- "О введении временного руководства ОАО "Финансовая компания кредитных союзов"Постановление · 19.02.2014 · № 4/6
- "О прекращении временного руководства ОАО "Финансовая компания кредитных союзов"Постановление · 13.08.2014 · № 36/5
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/560/st-25-2" title="25-2-статья - Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>