Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-статья. Депозит түшүнүгү
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · I бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 марта 2003 года № 63
1. Депозит - бул кайтарып берүү шартында бир жак экинчи жактан ал-
ган акчанын суммасы (ал толугу менен же жарым-жартылайбы же суммадан ашыгыраак кайтарылабы, андан көз карандысыз). Кыргыз Республикасынын Улуттук (Борбордук) банкынын тиешелүү ли- цензиясына ээ болбогон жактар депозиттерди кабыл алууга жана өз аталы- шында "депозит" деген терминди колдонууга укуксуз.
2. Банк болуп саналбаган жак депозит болуп эсептелбеген акча кара-
жаттарын төмөндөгү учурларда гана эгерде бул каражаттар:
1) иш-аракети ссуда берүү болуп саналган банктардан же болбосо
башка жактардан кабыл алынган болсо;
2) адам тарабынан экинчи адамдан карыз шартында алынган болсо;
3) чет өлкөлүк же эл аралык финансы уюмдарынан алынган болсо;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу ком-
паниялары же социалдык (пенсиялык) фонддор тарабынан алынган болсо;
5) баалуу кагаздар менен жүргүзүлүүчү операцияларды жөнгө салуу
жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык баалуу кагаздарды чыгаруу аркылуу алынган болсо;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензиянын негизин-
де адистештирилген компаниялар тарабынан кардарлардын атынан баалуу ка- газдарга инвестициялоого багытталган ишти жүзөгө ашыруу максатында ка- был алынган болсо;
7) контракт боюнча сатууда, ижарага берүүдө же мүлктү берүүнүн жа-
на кызмат көрсөтүүлөрдүн башкача жолдорун ишке ашырууда алдын-ала төлөнгөн же жарым-жартылай төлөнгөн төлөм катары киргизилсе жана ал ошол мүлк же кызмат көрсөтүү иш жүзүндө сатылбаган, ижарага берилбеген же болбосо кызмат көрсөтүлбөгөн учурда гана кайтарылууга тийиш болсо;
8) контракттын аткарылышына ылайык гарантия же күрөө катары же
болбосо кандайдыр бир мүлктү сатууну же кайтарып берүүнү камсыздоо үчүн киргизиле турган болсо;
9) бир эле негизги компаниянын (түпкү) туунду компаниялары болуп
саналган бир акционердик коом тарабынан экинчисине төлөнө турган болсо же алардын бири экинчисинин туунду компаниясы болуп саналса;
10) биргелешип иштөө жөнүндөгү макулдашуунун негизинде бир жак та-
рабынан экинчи жактан кабыл алына турган болсо гана топтой алат. (Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 26-мартындагы N 63 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/560/st-2" title="2-статья - Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>