36-статья. Кыргыз банкынын балансында турган чет өлкөлүк валюта
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · VIII бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
жана алтын-валюталык резервдер менен жүргүзүлүүчү операциялар жана бүтүмдөр
Кыргыз банкы:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жер-
лерде колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келген жана эл аралык банктык практикада кабыл алынган чет өлкөлүк валютадагы операцияларды жүзөгө ашырууга;
2) чет мамлекеттердин өкмөттөрү же эл аралык финансы уюмдары тара-
бынан чыгарылган же кепилдик берилген казына векселдерин жана башка ба- алуу кагаздарды сатып алууга, сатууга же алар менен операцияларды жүргүзүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы кел- беген жана эл аралык банктык практикада кабыл алынган башка бүтүмдөрдү жасоого;
3) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлердеги чет өлкөлүк
борбордук банктарда жана башка финансы уюмдарында, ошондой эле эл ара- лык финансы уюмдарында эсептерди ачууга жана жүргүзүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлердеги чет өлкөлүк
борбордук банктар жана башка мекемелер үчүн өкүл же корреспондент ката- ры эсептерди ачууга жана жүргүзүүгө, аракеттенүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлөрдүн борбордук банктарынын жана башка фи- нансы мекемелеринин, эл аралык финансы уюмдарынын кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылууга;
5) Кыргыз Республикасынын аймагында жана тышкы рыноктордо алтынды,
серитификаты бар баалуу металлдарды куйма, монета жана башка түрдө са- тып алуу жана сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө укуктуу.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
36-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/559/st-36" title="36-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>