35-статья. Кыргыз банкынын эл аралык резервдери
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · VIII бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
1. Кыргыз банкы өзүнүн милдеттерин аткаруу максатында өз каражат-
тарынын бир бөлүгүн чет өлкөлүк валютада жана наркы эл аралык рыноктор- до олуттуу өзгөртүүлөргө дуушар болбогон эл аралык башка активдерде кармап турат. Мында Кыргыз банкынын Башкармасы тарабынан аныкталган шарттарда алтындан жана:
1) чет өлкөлүк валютадан, анын ичинде чет өлкөлүк борбордук банк-
тардагы жана биринчи класстагы чет өлкөлүк банктардагы же башка эл ара- лык финансы институттарындагы эсептерге жайгаштырылган чет өлкөлүк ва- лютадан;
2) банкнот жана монета түрүндөгү чет өлкөлүк валютадан;
3) эл аралык чөйрөдө таанылган кандай гана болбосун резервдик ак-
тивдерден;
4) эл аралык бүтүмдөрдү жасоодо кабыл алынган жана чет өлкөлүк ва-
лютада төлөөгө жаткан чет өлкөлүк валютадагы жөнөкөй жана которулуучу векселдерден;
5) чет мамлекеттердин өкмөттүк мекемелери тарабынан алардын өз ва-
люталарында (же чет өлкөлүк валютада) чыгарылган же кепилдик берилген жана чет өлкөлүк валютада төлөнүүчү мамлекеттик баалуу кагаздардан;
6) алар алгылыктуу баалуу кагаздар катары классификацияланган
шартта биринчи класстагы эл аралык финансы институттары тарабынан чыга- рылган жана башка жүгүртүлүүчү баалуу кагаздардан турган Кыргыз банкы- нын эл аралык резерви болот.
2. Кыргыз банкы өзүнүн эл аралык резервдерин резервдик активдердин
ликвиддүүлүгүн жана коопсуздугун эске алуу менен башкарат.
3. Эл аралык резервдерди чет өлкөлөрдө жайгаштыруу, болбосо сатуу
максатында Кыргыз банкы өзүнүн балансында турган баалуу металлдарды та- шып чыгарып кетүүсүнө кошумча лицензия талап кылынбайт. Баалуу металл- дарды ташып чыгарып кетүүнүн жана сатуунун тартиби жана шарттары Кыргыз банкынын Башкармасы тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
35-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/559/st-35" title="35-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>