13-статья. Кыргыз банкынын пайдасы жана резервдери
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 марта 2009 года № 95
1. Кыргыз банкынын пайдасы ушул Мыйзамдын 8-статьясына ылайык,
алынган мезгил ичинде орун алган бардык кирешелерди жана чыгашаларды эсепке алгандан кийин, финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча аныкталат.
2. Ушул статьянын 4-пунктуна ылайык ишке ашырылуучу пайда бөлүштү-
рүүдө пайданын финансылык жыл жыйынтыгы боюнча жүзөгө ашырылбаган бөлү- гүн кемиткендеги пайда же зыян катары аныкталуучу жүзөгө ашырылган бө- лүгү бөлүштүрүүгө жатат. Пайданын жана зыяндын жүзөгө ашырылбаган бөлү- гү активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоодон кийинки жүзөгө ашы- рылбаган кирешелерден жана чыгашалардан турат жана ушул Мыйзамдын 8-статьясына ылайык аныкталат. Жүзөгө ашырылбаган бөлүк финансылык жыл- дын жыйынтыгы боюнча пайдадан же зыяндан кемитилип салынат жана ушул статьянын 4-пунктуна ылайык ишке ашырылуучу пайда бөлүштүрүүгө чейин активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резервдерге кото- рулат.
3. Эгерде пайданын жана зыяндын жүзөгө ашырылбаган бөлүгүн ушул
статьянын 2-пунктуна ылайык активдерди жана милдеттенмелерди кайра баа- лоо боюнча резервдерге которуунун натыйжасында бул резерв терс калдык- тарга ээ боло турган болсо, анда бул терс калдыктын бардыгы ушул стать- янын 4-пунктуна ылайык жүргүзүлүүчү бөлүштүрүлүүчү пайдага киргизилиши керек.
4. Кыргыз банкынын ушул статьянын 2- жана 3-пункттарын эске алуу
менен эсептелген пайдасы төмөндөгүдөй бөлүштүрүлөт:
1) финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз банкынын уставдык ка-
питалынын жана милдеттүү резервинин суммасы Кыргыз банкынын монетардык милдеттенмелеринин 10 пайызынан кем болсо, Кыргыз Республикасынын мам- лекеттик бюджетинин кирешесине пайданын 70 пайызы чегерилет. Пайданын мамлекеттик бюджеттин кирешесине чегерилгенден кийинки калдыгы Кыргыз банкынын милдеттүү резервине которулат;
2) финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча уставдык капиталдын жана
милдеттүү резервдердин суммасы Кыргызстан банкынын монетардык милдет- тенмелеринин 10 пайызына барабар же андан ашык болсо, Кыргыз Республи- касынын мамлекеттик бюджетинин кирешесине пайданын 100 пайызы чегери- лет, ошондой эле милдеттүү резервдин каражаттарынын эсебинен жогоруда көрсөтүлгөн ашып кеткен сумманын үчтөн бир бөлүгү чегерилет, бирок ошол резервдин калдыгынын чегинде. Пайданы которуу финансы жылы аяктаганда, көзкарандысыз тышкы аудит жүргүзгөндөн кийин жана жылдык отчетту Кыргыз банкынын башкармасы бе- киткен соњ жүзөгө ашырылат. Бул статьяны аткаруу максаттары үчүн Кыргыз банкынын монетардык милдеттенмелери төмөнкүлөрдөн турат: Кыргыз банкы тарабынан жүгүртүүгө чыгарылуучу банкноттордон жана монеталардан; акча-кредиттик жөнгө салуу каражаттары боюнча финансылык милдет- тенмелерден; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептерин жана Кыргыз Республика- сынын Өкмөтүнө карата кайсы болбосун башка финансылык милдеттенмелерди алып салганда, Кыргыз Республикасынын резиденттеринин Кыргыз банкында ачылган эсептеринен, Кыргыз Республикасынын резидент эмес банктарынын Кыргыз банкында улуттук валютада ачылган эсептеринен.
5. Эгерде Кыргыз банкы финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча жана
ушул статьянын 2 жана 3-пункттарын эске алуу менен чыгым болсо, анда бул чыгымдын орду төмөндөгүдөй ырааттуулукта толтурулат:
1) өзүнүн калдыгынын чегинде милдеттүү резерв аркылуу;
2) өзүнүн оњ калдыгынын чегинде, активдерди жана милдеттенмелерди
кайра баалоо боюнча резерв аркылуу.
6. Эгерде Кыргыз банкынын финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча жана
ушул статьянын 2- жана 3-пункттарын эсепке алуу менен, милдеттүү резерв жана активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоо боюнча резерв аркы- луу орду толтурулбоочу зыяны бар болсо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү капиталды ушул Мыйзамдын 12-статьясынын 2-пунктунда белгиленген өлчөмгө чейин толтуруу үчүн акча каражаттарын Кыргыз банкына тикелей чегерүү аркылуу бул зыяндын ордун толтуруп берет. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 16-майындагы № 87, 2009-жылдын 28-мартындагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 марта 2009 года № 95 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 мая 2008 года № 87 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Постановление Правительства КР от 26 сентября 2005 года № 453 "О согласии Правительства Кыргызской Республики на проект Закона Кыргызской Республики «О внесении изменений и…Постановление · 26.09.2005 · № 453 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/559/st-13" title="13-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>