Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Постановление Правительства КР «О согласии Правительства Кыргызской Республики на проект Закона Кыргызской Республики «О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-09-26.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-марты № 166
токтомуна ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 26-сентябрындагы № 453
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин
Администрациясына жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
@1 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн
Корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Улуттук
банкынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан
демилге көтөрүлгөн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып жана Кыргыз
Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна таянып, аны
төмөнкүдөй сунуштарды жана пикирлерди эске алуу менен Кыргыз
Республикасынын Жоюрку Кењешине киргизүүгө макулдук берет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 11-статьясына ылайык Кыргыз
Республикасынын аймагында бнрдиктүү салыктык система иштөөгө тийиш.
Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Эл аралык валюталык
фонддун 2005-2007-жылдарга карата экономикалык саясат жөнүндө
меморандумуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берилчү
бардык салыктык жњилдиктер Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде
жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинде мамлекеттик мекемелердики
сыяктуу чагылдырылат.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2005-жылдын 28-
июнундагы № 266 «Кыргыз Республикасынын салыктар жана жыйымдар жөнүндө
кодексин (Салык кодексин) колдонууга киргизүу тууралуу» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын салыктар жана
жыйымдар жөнүндө кодексинин (Салык кодексинин) долбоорлору жөнүндө»
токтому менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жањы
редакциясынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
кароосуна киргизилген.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 13-
январындагы №3 буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия
аталган мыйзам долбоорду толуктап иштеп жатат жана Кыргыз
Республикасынын Улуттук банкы үчүн тийиштүү салыктык жењилдиктер
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жањы редакциясында эске
алынат.
Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорундагы 2-статьяны алып салууну
сунуш кылабыз.
Эл аралык валюталык фонддун сунуштарын эске алып, 4-статьянын 6-
пунктунда:
- «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын сунушталган редакциясынын 4-пунктунун 2-
пунктчасын төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толуктоону сунуштайбыз:
«Мындан тышкары, Кыргызстандын Банкынын монетардык
милдеттенмелеринин 10 процентинен ашкан уставдык капиталынын жана
милдеттүү резервинин суммасынын үчтөн бири Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик бюджетинин кирешесине которулат.».
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Налоговый кодекс КРКодекс · 26.06.1996 · № 25 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Распоряжение Президента КР от 13 января 2004 года № 3 (Комиссия по по подготовке проекта новой редакции Налогового кодекса КР)Распоряжение · 13.01.2004 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-июнундагы № 266 "Кыргыз Республикасынын салыктар жана жыйымдар жөнүндө кодексин (Салык кодексин) колдонууга киргизүү тууралуу"…Постановление · 28.06.2005 · № 266 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.