36-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · VI бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 26 апреля 2023 года № 93
1. Ушул Мыйзам 1997-жылдын 1-октябрынан тартып колдонууга киргизилсин.
2. Төмөндөгүлөр:
- 1994-жылдын 13-апрелиндеги "Кыргыз Республикасында граждандарды пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-жыл, № 5, 149-ст.);
- 1996-жылдын 6-майындагы "Кыргыз Республикасында граждандарды пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-жыл, № 5, 77-ст.);
- 1991-жылдын 20-апрелиндеги "Калкты иш менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-статьясынын экинчи бөлүгү (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-жыл, № 8, 266-ст.), 1994-жылдын 14-январында киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-жыл, № 2, 66-ст.);
- "Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 6-мартындагы № 856-XII токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1992-жыл, № 4/2, 192-ст.) күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
а) 1998-жылдын 1-январынан тартып юридикалык жактар жана жеке адамдар үчүн камсыздандыруу принциптерине ылайык келген камсыздандыруу салымдарынын тарифтерин киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуш киргизсин;
б) инфляция боюнча максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүүнү камсыз кылуучу суммалардын чектеринде Социалдык фонддун жалпы тартыштыгын жабууга республикалык бюджеттен жыл сайын дотацияларды карасын;
в) эки айдын ичинде өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)
| Кыргыз Республикасынын Президенти | А. Акаев |
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
36-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (6)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы №54 "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 25.01.2012 · № 54
- Постановление Правительства КР от 7 ноября 1997 года N 651 "О внесении изменений и дополнений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 07.11.1997 · № 651
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 139 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу…Постановление · 29.03.2019 · № 139
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 749 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 24.10.2012 · № 749
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-июлундагы № 89 ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча…Постановление · 27.07.2021 · № 89
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 601 "2012-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 23.09.2011 · № 601 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (4)
- Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндөЗакон · 28.06.1996 · № 33
- Постановление Верховного Совета РК от 6 марта 1992 года №856-XII "Об утверждении Положения о пенсиях за особые заслуги перед Республикой Кыргызстан"Постановление · 06.03.1992 · № 856 · Күчүн жоготкон
- О занятости населенияЗакон · 20.04.1991 · № 440 · Күчүн жоготкон
- О пенсионном обеспечении граждан в Кыргызской РеспубликеЗакон · 13.04.1994 · № 1470-XII · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/557/st-36" title="36-статья - Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>