36-статья. Пайдалуу кендердин корлорунун мамлекеттик баланстары
Күчүн жоготкон · 09.08.2012 редакциясы · V бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 9 августа 2012 года № 160.
Корлордун мамлекеттик баланстары өнөр жайлык мааниси бар кен чыккан жерлер боюнча пайдалуу кендердин саны, сапаты жана канчалык даражада иликтенгендиги, алардын экономикалык баалуулугу, жайгашышы жана өнөр жайлык өздөштүрүлүү даражасы, казып алынышы, коромжуга учурашы жана аракеттеги ишканалардын пайдалуу кендердин чалгындалган корлору менен камсыз болушу тууралу маалыматтарды камтыйт. Пайдалуу кендердин корлорунун мамлекеттик баланстары мамлекеттик экспертизанын корутундусунун жана пайдалуу кендер чыккан жерди иликтеп жана иштетип, минералдык сырьену кайра иштетип жаткан жер казынасын пайдалануучулардын отчеттуулугунун негизинде түзүлөт. Пайдалуу кендер корлорунун мамлекеттик баланстары жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт.
Берененин тексти 09.08.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
36-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/542/st-36" title="36-статья - Жер казынасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>