35-статья. Жер казынасын пайдалануудагы мамлекеттик кадастрлар
Күчүн жоготкон · 09.08.2012 редакциясы · V бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 9 августа 2012 года № 160.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 4 февраля 2002 года N 23
Мамлекеттик кадастрлар пайдалуу кендердин чыккан, байкалган жерлери жана техногендик түзүлүштөрү боюнча, ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуу үчүн белгиленбеген максаттарда колдонуудагы жер казынасындагы объекттер боюнча түзүлөт. Пайдалуу кендердин чыккан, байкалган жерлеринин жана техногендик түзүлүштөрүнүн мамлекеттик кадастрлары алардын жайгашкан жерин, негизги жана аны менен кошо жаткан пайдалуу кендердин санын жана сапатын мүнөздөөчү маалыматтарды, тоо-кен техникалык, гидрогеологиялык жана башка пайдалуу кендер чыккан жерди иштетүүнүн башка шарттарын жана алардын экономикалык бааланышын камтыйт. Пайдалуу кендерди казып алуу үчүн белгиленбеген жер казынасынын объекттеринин мамлекеттик кадастрлары объекттердин жайгашкан жери, өлчөмү, багыты, колдонуу мөөнөтү, тоо-кен геологиялык жана башка жаратылыш шарттары жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Мамлекеттик кадастрлар жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. (КР 2002-жылдын 4-февралындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.08.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
35-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/542/st-35" title="35-статья - Жер казынасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>