31-статья. Пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканаларды жана
Күчүн жоготкон · 09.08.2012 редакциясы · V бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 9 августа 2012 года № 160.
пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган объекттерди жоюу жана консервациялоо
Пайдалуу кендердин корлору иштетилип бүткөндөн кийин же жер казынасын пайдалануу боюнча объекттердин жана курулуштардын кереги болбой калган учурда, ошондой эле экономикалык жана башка негиздөөлөр боюнча кен чыккан жерди андан ары иштетүүгө же объектти эксплуатациялоого мүмкүн болбой калган кезде, жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган менен макулдашылган түрдө пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканалар же казып алуу үчүн багытталбаган объекттер жана курулуштар жер казынасын пайдалануучулардын эсебинен жоюлууга же консервацияланууга тийиш. Пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканалар же казып алуу үчүн багытталбаган объекттер толук же жарым-жартылай жоюлган же консервацияланган учурда тоо-кен кендери жана жер казынасын пайдалануу объекттери жер казынасын пайдалануучулардын эсебинен калктын коопсуздугун, курчап турган чөйрөнү коргоону, имараттардын жана курулуштардын сакталышын камсыз кылгыдай, ал эми консервациялоо учурунда ошондой эле кен чыккан жерлер, тоо-кен казмалары жана объекттер консервация мезгилинде сакталгандай абалга келтирилүүгө тийиш. Пайдалуу кендерди казып алуучу ишкана жоюлган учурда кен иштеткен жайларды башка максатка пайдалануу мүмкүнчүлүгү кошо чечилиши керек. Пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканалар, жер казынасындагы объекттер жана курулуштар жоюлган жана консервацияланган учурда маркшейдерлик, геологиялык жана техникалык документтер жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органга сактоого өткөрүлүп берилет.
Берененин тексти 09.08.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/542/st-31" title="31-статья - Жер казынасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>