30-статья. Пайдалуу кендер орун алган аянттарга курулуш куруунун шарттары
Күчүн жоготкон · 09.08.2012 редакциясы · V бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 9 августа 2012 года № 160.
Курулуш түшө турган бөлүктөрдүн астындагы жер казынасында пайдалуу кендердин бар же жок экендиги тууралу маалыматтар алынганга чейин калктуу пункттарды, өнөр жай комплекстерин жана башка чарба объекттерин долбоорлоого жана курууга тыюу салынат. Мындай маалыматтарды берүү жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик органга жүктөлөт. Пайдалуу кендер орун алган аянттарга курулуш курууга, ошондой эле андай жерлерде пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган жер алдындагы курулуштарды жайгаштырууга өзгөчө учурларда жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жол берилет.
Берененин тексти 09.08.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/542/st-30" title="30-статья - Жер казынасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>