Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Көмүр» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 26 ноября 2009 года №721 "О Министерстве энергетики Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-11-26.
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы N 721 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2003-жылдын 12-февралы N 50
"Көмүр" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 18-августундагы N 528, 2005-жылдын 1-февралындагы N 51, 2005-жылдын 27-сентябрындагы N 455 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2005-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук энергетикалык программасын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын көмүр казып алуу тармагынын иш-аракеттерин өркүндөтүү, көмүр өнөр жайынын өндүрүштүк-чарбалык иш-аракеттерин координациялоо, көмүр тармагын өнүктүрүүнүн проблемаларын комплекстүү чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Оперативдүү башкаруу укугуна негизделген "Көмүр" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
2. "Көмүр" мамлекеттик ишканасынын тиркелген Уставы бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги белгиленген тартипте "Көмүр" мамлекеттик ишканасын мамлекеттик каттоону жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитети белгиленген тартипте оперативдүү башкаруу укугундагы "Көмүр" мамлекеттик ишканасына төмөнкү көмүр казуучу ишканалардын акцияларынын мамлекеттик пакеттерин өткөрүп берсин:
- "Ак-Улак разрези" мамлекеттик акционердик коомунун;
"Таш-Көмүр" мамлекеттик акционердик коомунун;
- "Коргон-Таш" акционердик коомунун;
- "Сүлүктүкөмүр" акционердик коомунун;
ошондой эле "Шахта Беш-Бурхан көмүр" жоопкерчилиги чектелген коомунун уставдык капиталындагы мамлекеттик үлүшүн.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөржай министрлиги белгиленген тартипте "Көмүр" мамлекеттик ишканасына Ош шаары, Алишер Навои көчөсү, 54 дареги боюнча жайгашкан имаратты жана Бишкек шаары, Чүй проспекти, 106 дареги боюнча "Кыргызкөмүр корпорациясы" ачык типтеги акционердик коому жайгашкан жайды "Көмүр" мамлекеттик ишканасын жайгаштыруу үчүн өткөрүп берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-февралындагы N 51 токтомунун, 2005-жылдын 27-сентябрындагы N 455 токтомунун редакцияларына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлиги, "Кыргызкөмүр корпорациясы" ачык типтеги акционердик коому бир айлык мөөнөттө "2005-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын көмүр өнөр жайын өнүктүрүү программасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 13-августундагы N 544 токтомунун N 2 тиркемесине ылайык "Кыргызкөмүр" көмүр казып алуу жана сатуу боюнча мамлекеттик концерни аркылуу мурда алынган бюджеттик ссудалар боюнча көмүр өнөр жайынын иштеп жаткан ишканаларынын карыздарын карыздык милдеттенмелерди түзүү жолу менен кайра тариздешсин.
7. Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы "Көмүр" мамлекеттик ишканасын оргтехника, офистик мебель жана транспорт менен камсыз кылууда көмөк көрсөтүшсүн.
8. (КР Өкмөтүнүн 2003-жылдын 18-августундагы N 528 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту деп табылган)
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетикалык комплекс жана кен казып алуу тармагы бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Н.Танаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
- КР Өкмөтүнү 2009-жылдын 26-ноябрындагы №721 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 26.11.2009 · № 721 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 18 августа 2003 года №528 " О признании утратившим силу пункта 8 постановления Правительства Кыргызской Республики от 12 февраля 2003 года № 50…Постановление · 18.08.2003 · № 528 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Постановление Правительства КР от 13 августа 1998 года N 544 "О Программе развития угольной промышленности Кыргызской Республики на период до 2005 года"Постановление · 13.08.1998 · № 544 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 18 августа 2003 года №528 " О признании утратившим силу пункта 8 постановления Правительства Кыргызской Республики от 12 февраля 2003 года № 50…Постановление · 18.08.2003 · № 528 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.