Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
6-статья. Тышкы соода иши жагындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 08.08.2023 редакциясы · I бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 169.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 июня 2015 года № 128
Төмөндөгүлөр:
1) Кыргыз Республикасынын тышкы соода байланыштарынын багытын жана өнүгүшүнүн түпкү максатын, тышкы соода саясатынын негизги принциптерин калыптандыруу;
2) Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, экономикалык эгемендүүлүгүн, экономикалык таламдарын коргоо;
3) тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу, анын ичинде мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда, бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу, ошондой эле товарларды Кыргыз Республикасына алып келүүгө жана аларды Кыргыз Республикасынан алып кетүүгө байланыштуу милдеттүү талаптарга товарлардын ылайыктуулугун ырастоо жаатындагы ишти мамлекеттик жөнгө салуу;
4) товарларды алып келүүдө стандарттарды жана адам үчүн коопсуз жана (же) зыянсыз болгон критерийлерди жана аларга контролдук кылуунун Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында милдеттүү болгон эрежелерин белгилөө;
5) куралдарды, аскердик техниканы жана аскердик-техникалык багыттагы мүлктү алып келүүнүн жана алып кетүүнүн, чет өлкөдө аскердик объектилерди түзүүгө техникалык көмөк көрсөтүүнүн, техникалык документтерди берүүнүн, лицензиялык өндүрүштү уюштуруунун, аскердик техниканы жаңылоонун жана оңдоонун, ошондой эле аскердик-техникалык кызматташтык жагында башка кызматтарды көрсөтүүнүн тартибин аныктоо;
6) бөлүнүүчү материалдарды, ууландыруучу, жарылуучу, уулуу, психотроптук заттарды, күчтүү таасир тийгизүүчү баңгилик каражаттарды, биологиялык активдүү каражаттарды, (донордук канды, ички органдарды жана башка материалдарды), генетикалык активдүү материалдарды (козу карындардын түрлөрүн, бактерияларды, вирустарды, малдын жана адамдын тукумдук материалдарын жана башка материалдарды) жоголуп кетүү коркунучу алдында турган жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү, алардын бөлүктөрүн жана дериваттарын экспорттоонун жана импорттоонун тартибин, ошондой эле аларды пайдалануунун тартибин аныктоо;
7) коркунучтуу таштандыларды алып келүүнүн жана алып кетүүнүн, ошондой эле аларды пайдалануунун тартибин аныктоо;
8) куралдарды жана аскердик техниканы, ошондой эле алардын жөн-жай мүнөздө болгон, бирок ядролук, химиялык жана массалык кыргындоо куралынын башка түрлөрүн жана аларды жеткирүүнүн ракеталык каражаттарын түзүүдө колдонула турган сырьелордун айрым түрлөрүн, материалдарды, жабдууларды, технологияларды, илимий техникалык маалыматтарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алып келүүнүн тартибин аныктоо;
9) Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттерин аткарууга байланыштуу стратегиялык маанилүү сырьелук товарлардын айрым түрлөрүн алып кетүүнүн, Кыргыз Республикасынын бажылык аймагында кайра иштетүү үчүн сырьелорду алып келүүнүн жана аны иштеткенден кийинки продуктыларды алып кетүүнүн тартибин аныктоо;
10) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык баалуу металлдарды, асыл таштарды, алардан жасалган буюмдарды, баалуу металлдардын жана асыл таштардын сыныктарын, аларды иштетүүнүн калдыктарын жана баалуу металлдарды камтыган химиялык кошулмаларды алып келүүнүн жана алып кетүүнүн тартибин аныктоо;
11) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында милдеттүү болгон тышкы соода ишинин статистикалык отчеттуулугунун көрсөткүчтөрүн аныктоо;
12) чет мамлекеттерге, алардын юридикалык жактарына жана эл аралык уюмдарга мамлекеттик кредиттерди жана башка экономикалык жардамдарды берүү, Кыргыз Республикасынын сырттан карыз алышы жана чет мамлекеттер тарабынан Кыргыз Республикасына берилген мамлекеттик кредиттер жөнүндө эл аралык келишимдерди түзүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кредиттеринин, Кыргыз Республикасынын сырттан карыз алышынын чектелген өлчөмдөрүн белгилөө;
13) Кыргыз Республикасынын расмий алтын-валюталык резервдерин түзүү жана пайдалануу;
14) Кыргыз Республикасынын төлөм балансын иштеп чыгуу;
15) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдигиндеги мамлекеттик, банктык жана коммерциялык кредиттерди ишке тартуу, алардын пайдаланылышына контролдук жүргүзүү;
16) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызынын чегин белгилөө жана бул карызды иштетүү, чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасына болгон карыздарын тындыруу боюнча ишти уюштуруу;
17) Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык байланыштар жагындагы эл аралык келишимдерин түзүү;
18) эл аралык экономикалык жана илимий-техникалык уюмдардын ишине катышуу, бул уюмдар тарабынан кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу;
19) чет өлкөдө Кыргыз Республикасынын соода өкүлчүлүктөрүн, ошондой эле эл аралык экономикалык жана илимий-техникалык уюмдардын алдында Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүктөрүн түзүү жана аларды иштетүү;
20) Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мамлекеттик менчигине ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын карамагында болот.
(КР 2015-жылдын 10-июнундагы № 128 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 313 "Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын…Постановление · 17.12.2021 · № 313 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы № 520 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 142 токтому менен бекитилген Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында…Постановление · 30.09.2016 · № 520 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-январындагы № 14 токтомуПостановление · 22.01.2019 · № 14
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 67 "Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой…Постановление · 22.01.2019 · № 14 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/541/st-6" title="6-статья - Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>