11-1-статья. Тышкы соода ишин жүзөгө ашырууда лицензиялоо
Күчүн жоготкон · 08.08.2023 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 8 августа 2023 года № 169.
Товарларды экспорттоону жана (же) импорттоону лицензиялоо аларды аткаруу үчүн киргизилген чектөөлөрдүн максаттарына караганда товарларды экспорттоонун же импорттоонун ашыкча чектелген же бурмаланган таасирине ээ болбошу керек. Экспортко жана (же) импортко лицензия жана уруксат берүүнүн тартиби жана шарттары мыйзамдар жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат. Лицензияларды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарына, улуттук жана экономикалык коопсуздугунан келип чыккан товардын экспортунун жана (же) импортунун мүмкүндүгү жана максатка ылайыктуулугу жөнүндө адистештирилген эксперт-уюмдун корутундусу негиз болуп саналат. Сандык чектөөлөр белгиленген же уруксат берүү тартиби киргизилген товарларды экспорттоого жана (же) импорттоого лицензияларды берүү жөнүндө чечимди макулдашууну жүзөгө ашыруучу адистештирилген эксперт-уюмдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (КР 2015-жылдын 10-июнундагы № 128 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 "Эксперттик корутунду берүү боюнча эксперт уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес…Постановление · 20.04.2021 · № 156
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 142 "Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган, Товарлардын бирдиктүү тизмегине…Постановление · 24.03.2016 · № 142 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-сентябрындагы № 520 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 142 токтому менен бекитилген Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында…Постановление · 30.09.2016 · № 520 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-ноябрындагы № 518 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 142 "Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун…Постановление · 02.11.2018 · № 518 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-майындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-мартындагы № 142 "Үчүнчү өлкөлөр менен соода жагында тарифтик эмес жөнгө салуунун…Постановление · 22.05.2017 · № 300 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/541/st-11-1" title="11-1-статья - Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>