Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
4-статья. Көлмөлөрдүн балык запастарын пайдалануу жана коргоо жагындагы башкаруу
Күчүн жоготкон · 17.03.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2021 года № 35.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 13 февраля 2018 года № 20
Балык запастарын пайдалануу жана коргоо боюнча мамилелерди жөнгө салуу жагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башкаруусуна:
- мамлекеттик маанидеги балык чарбасынын көлмөлөрүндөгү жана жалпы пайдалануудагы көлмөлөрдөгү балык запастарын тескөө, аларды пайдалануу жана коргоо тартибин белгилөө;
- бирдиктүү балык чарба саясатын жүргүзүүнүн программаларын иштеп чыгууну уюштуруу жана бекитүү;
- мамлекеттик маанидеги балык чарба көлмөлөрүн негизги пайдалануучуну аныктоо;
- балык чарбасын башкаруунун атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органы жөнүндө жобону бекитүү кирет.
Мамлекеттик маанидеги балык чарба көлмөлөрүнө Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрү жана Токтогул, Базар-Коргон, Киров, Орто-Токой суу сактагычтары таандык. Ысык-Көл Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголгон акваториясы менен мамлекеттик маанидеги көл болуп саналат, анда күнжеле форелин жана сырттан алынып келинген, жырткыч балыктардын түрлөрүн өстүрүүгө жана инкубациялоого тыюу салуу менен, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоого, туристтик ишке, суу транспорт ишине уруксат берилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча мамлекеттик маанидеги балык чарба көлмөлөрүнө башка көлмөлөр да таандык кылынышы мүмкүн. Балык чарбасын башкаруунун атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органы балык чарбасын өнүктүрүү жана башкаруу жагында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзөт, өнөр жайлык балык уулоону жана балык запастарын кайра өстүрүүнү уюштурууну, ошондой эле балык запастарын ведомстволук коргоону жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органы балык запастарын жана алар байырлаган чөйрөнү коргоого жана пайдаланууга мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат. Мамлекеттик эмес менчиктеги көлмөлөрдөгү балык запастарын көлөмөнүн менчик ээси тескейт. (КР 1998-жылдын 9-апрелиндеги № 32, 2013-жылдын 1-июнундагы № 89, 2018-жылдын 13-февралындагы № 20 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 17.03.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 177-б (Ысык-Көл жана Соң-Көлдө балык өнөр жайын жандандыруу жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 30.05.2019 · № 177-р
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы № 546 "2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында балык уулоочулукту жана аквакультураны өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.10.2019 · № 546 · Күчүн жоготкон
- Положение о порядке закрепления водоемов и их участков для организации рыбных хозяйств и ведения рыбного промысла в Кыргызской Республике (Утверждено приказом Министерства охраны…Положение · 05.01.2000 · № 2 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-октябрындагы № 546 токтомуПостановление · 15.10.2019 · № 546
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/539/st-4" title="4-статья - Балык чарбасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>