Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Ысык-Көл жана Соң-Көлдө балык өнөр жайын жандандыруу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 30-майы № 177-б "Балык чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги:
- үч айлык мөөнөттө:
Ысык-Көл жана Соң-Көлдө балык өнөр жайын жандандырсын; балык продукциясын өндүрүү көлөмүн көбөйтүү максатында инвестицияларды, гранттарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактарды активдүү тартуунун эсебинен Кыргыз Республикасынын региондорунда жайгашкан чакан көлмөлөрдө, көлдөрдө жана көлчөлөрдө балык чарба иштерин уюштурсун; балык чарбаны өздөштүрүүнүн жана балык чарбасында колдонулбаган жаңы көлмөлөрдү пайдалануунун эсебинен Кыргыз Республикасынын региондорунда чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүнү, жергиликтүү калктын балык өстүрүү боюнча уюштурулган өндүрүштөрдө иштөө чөйрөсүн түзүүнү уюштурсун;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институту менен бирдикте балык запастарына зыян келтирбестен балык уулоонун жалпы жол берилген чектерин белгилөө максатында балык чарба көлмөлөрүндөгү ихтиофаунага жана табигый азык базасына илимий жана ихтиологиялык изилдөө жүргүзсүн.
2. Курчап турган чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздук жана балык чарбаларын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Ысык-Көл жана Соң-Көлдөн сатуу максатында мыйзамсыз кармалган балыктардын эндемикалык жана өзгөчө баалуу түрлөрүн уулоо жана чыгарып кетүү учурларынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча биргелешкен ишти координациялоону күчөтүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган ыйгарым укуктарынын чегинде балык запастарын коргоо боюнча иште балык чарбасын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көмөк көрсөтсүн.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1360-XII
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Балык чарбасы жөнүндөЗакон · 25.06.1997 · № 39 · Күчүн жоготкон