Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
14-статья. Балык запастарын жана алар байырлаган чөйрөнү коргоону камсыздоо боюнча иш-чаралар
Күчүн жоготкон · 17.03.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2021 года № 35.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 августа 2008 года № 199
Балык запастарын жана алар байырлаган чөйрөнү коргоо:
- балык запастарын коргоо, пайдалануу жана кайра өстүрүү боюнча эрежелерди, ченемдерди, мөөнөттөрдү жана башка талаптарды белгилөө;
- балык ресурстарынын жана алар байырлаган чөйрөнүн абалына жана аларды кайра өстүрүүгө таасир берүүчү объекттерди жана курулуштарды куруу боюнча долбоорлордо каралган, балык запастарын коргоо боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;
- балык запастарынын эсебин алууну жүзөгө ашыруу;
- балык чарба көлмөлөрүндө балык кармоону чектөө жана аларда балыктардын жаңы түрлөрүн үйүр алдыруу;
- балык ресурстарын сарамжал пайдалануу жана кайра өстүрүү жаганда илимий изилдөөлөр жүргүзүү;
- балык ресурстары байырлаган чөйрөнү жана аларды кайра өстүрүү шарттарын коргоо жана жакшыртуу;
- балык запастарына жана алар байырлаган чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу жолу менен камсыз кылынат.
Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө жашаган балыктардын өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрү өзгөчө корулууга тийиш. Балыктардын өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрү болуп Ысык-Көлдүн жана Аму дарыясынын форель, сиг-лудога, пеляды, Ысык-көлдүн көкчаар осман, чабак, чабакча, маринка жана сазандары эсептелет. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары же Өкмөтүнүн чечимдери менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык көлмөлөрүндө жашаган балыктардын өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого чектөө киргизилиши мүмкүн. (КР 1998-жылдын 9-апрелиндеги № 32 Мыйзамынын, 2008-жылдын 5-августундагы № 199 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.03.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/539/st-14" title="14-статья - Балык чарбасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>