Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
9-статья. Сорттук үрөндөрдүн фондулары, аларды калыптандыруу жана пайдалануу
Күчүндө · 04.08.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 159
1. Сорттук үрөндөрдү аларды өндүрбөгөн же аларды өндүрүү үчүн чектелген мүмкүнчүлүктөрү бар башка райондорго, ошондой эле эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттерге жана табигый кырсыктардын учурунда региондорго жардам көрсөтүү үчүн жөнөтүүлөрдү камсыз кылуу максатында сорттук үрөндөрдүн мамлекеттик фондусу жана сорттук үрөндөрдүн региондук фондусу түзүлөт.
2. Үрөндөрдүн мамлекеттик жана региондук фондулары Мамлекеттик реестрине киргизилген үрөндөрдүн сортторунан даярдалат.
3. Мамлекеттик ресурстарда даярдалуучу өсүмдүктөрдүн топтору боюнча сорттук үрөндөрдүн мамлекеттик фондусунун көлөмү аларды өндүрүүчүлөрдү көрсөтүү менен айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органынын көрсөтүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана Кыргыз Республикасында сорттук үрөн өндүрүүчүлөрдөн контракттык негизде сатып алуунун эсебинен, ошондой эле импорт боюнча калыптандырылат.
4. Республиканын мамлекеттик ресурстарындагы эгилген жерлер табигый-климаттык шарттардын таасиринен жана башка табигый кырсыктардан зыян тартканда камсыздандыруучу жана өткөрүлүп берилүүчү үрөндүк фондулардын корунун көлөмү айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы тарабынан белгиленет.
5. Өсүмдүктөрдүн топтору боюнча сорттук үрөндүн региондук фондуларынын көлөмү аткаруу бийлигинин жергиликтүү органы тарабынан аныкталат жана өз административдик чек арасынын ичиндеги жана анын чегинен тышкары жердеги үрөн өндүрүүчүлөрдөн контракттык негизде сатып алуунун эсебинен, ошондой эле импорт боюнча калыптандырылат.
6. Сорттук үрөндөрдүн мамлекеттик фондусун айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы тескейт. Сорттук үрөндөрдүн региондук фондуларын пайдалануунун тартиби аткаруу бийлигинин жергиликтүү органы тарабынан аныкталат.
(КР 2007-жылдын 8-январындагы № 1, 2019-жылдын 5-мартындагы № 32, 2023-жылдын 4-августундагы № 159 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 04.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 159 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 5 марта 2019 года № 32 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 января 2007 года № 1 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О семенах"Редакцияларды салыштыруу
04.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мамлекеттик органынын көрсөтүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана Кыргыз Республикасында сорттук үрөн … 2007-жылдын 8-январындагы № 1, 2019-жылдын 5-мартындагы № алынып салынды: 32 кошулду: 32, 2023-жылдын 4-августундагы № 159 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-июнундагы № 376 "2009-2011-жылдардагы иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик кайра аттестациялоодон өткөн жана мамлекеттик фондго топтоо үчүн сорттук үрөн…Постановление · 26.06.2013 · № 376 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/538/st-9" title="9-статья - Үрөн жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>