Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмқтүнүн «Дене тарбия жана спорт мекемелеринде, уюмдарында кесиптик педагогдук жана окутуу-машыктыруу ишин жүргүзгөн адамдарды эсепке алып каттоонун тартибин, дене тарбия жана спорттун ыйгарым укуктуу органында эсепке алынып каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн формасын бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 11-ноябры № 596 Дене тарбия жана спорт мекемелеринде, уюмдарында кесиптик педагогдук жана окутуу-машыктыруу ишин жүргүзгөн адамдарды эсепке алып каттоонун тартибин, дене тарбия жана спорттун ыйгарым укуктуу органында эсепке алынып каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн формасын бекитүү тууралуу Дене тарбия жана спорт менен машыгуу үчүн шарттарды түзүү максатында "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Дене тарбия жана спорт мекемелеринде, уюмдарында кесиптик педагогдук жана окутуу-машыктыруу ишин жүргүзгөн адамдарды эсепке алып каттоонун тартиби;
- дене тарбия жана спорттун ыйгарым укуктуу органында эсепке алынып каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн формасы.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү бөлүгүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 596 токтому менен бекитилген
Форма Дене тарбия жана спорт мекемелеринде жана уюмдарында кесиптик педагогдук жана окутуу-машыктыруу ишин жүргүзгөн адамдарды эсепке алып каттоодон өткөндүгү жөнүндө КҮБӨЛҮК
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү _____________________________ дене тарбия (аты-жөнү) жана спорттун ыйгарым укуктуу органында катталгандыгын күбөлөндүрөт. Каттоо № ____________________ 20__-жылдын "__" ___________________ __________________________________________________________________ (күбөлүк берилген жери жана күнү) Негизи: Жетекчи __________________________________________________________
М.О.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Дене тарбия жана спорт жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 36
- "Дене тарбия жана спорт мекемелеринде жана уюмдарында кесиптик педагогдук жана окутуу-машыктыруу ишин жүргүзгөн адамдарды эсепке алып каттоонун" Тартиби (Кыргыз Республикасынын…Порядок · 11.11.2013 · № 596
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-августундагы № 510 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 596 "Дене тарбия жана спорт…Постановление · 21.08.2025 · № 510
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-декабры № 786 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 596 “Дене тарбия жана спорт…Постановление · 08.12.2025 · № 786
Шилтеме берет (2)
- Дене тарбия жана спорт жөнүндөЗакон · 21.01.2000 · № 36
- Лицензиялоо жөнүндөЗакон · 03.03.1997 · № 12 · Күчүн жоготкон