Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 596 „Дене тарбия жана спорт мекемелеринде, уюмдарында кесиптик педагогдук жана окутуу-машыктыруу ишин жүргүзгөн адамдарды эсепке алып каттоонун тартибин, дене тарбия жана спорттун ыйгарым укуктуу органында эсепке алынып каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн формасын бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 21-августу № 510
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 596 "Дене тарбия жана спорт мекемелеринде, уюмдарында кесиптик педагогдук жана окутуу-машыктыруу ишин жүргүзгөн адамдарды эсепке алып каттоонун тартибин, дене тарбия жана спорттун ыйгарым укуктуу органында эсепке алынып каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн формасын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу максатында, ошондой эле ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнү ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 596 "Дене тарбия жана спорт мекемелеринде, уюмдарында кесиптик педагогдук жана окутуу-машыктыруу ишин жүргүзгөн адамдарды эсепке алып каттоонун тартибин, дене тарбия жана спорттун ыйгарым укуктуу органында эсепке алынып каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн формасын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Дене тарбия жана спорт мекемелеринде жана уюмдарында кесиптик педагогдук жана окутуу-машыктыруу ишин жүргүзгөн адамдарды эсепке алып каттоонун тартибинде:
- расмий тилдеги аталышында "деятельностью" деген сөздөн кийин "в учреждениях и организациях физической культуры и спорта" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Дене тарбия жана спорт мекемелеринде жана уюмдарында кесиптик педагогдук жана окутуу-машыктыруу ишин жүргүзүүнү каалаган адам төмөнкү документтерди берүү менен дене тарбия жана спорттун ыйгарым укуктуу органына арыз берет:
- паспорттун көчүрмөсү же анын "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы аналогу;
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн "Дене тарбия жана спорт" адистиги боюнча жогорку же орто кесиптик билимин ырастаган дипломдун же башка документтин көчүрмөсү;
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн спорттук наамы же спорттук разряды жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
- соттуулугу жоктугу тууралуу маалымат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмқтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 596 "Дене тарбия жана спорт мекемелеринде, уюмдарында кесиптик педагогдук жана окутуу-машыктыруу ишин жүргүзгөн адамдарды эсепке алып…Постановление · 11.11.2013 · № 596
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122