Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 „Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн,кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 22 февраля 2022 года № 93 "О мерах по реализации требований статей 99, 100, 120, 125, 302 и 324 Налогового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-10-30.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 30-октябры № 585 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Киреше (пайыздын) булагынан кармалган салыктын суммасы жөнүндө отчеттун формаларын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85, 86-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы киреше булагынан кармап калынган салыктын суммасы (проценти) жөнүндө отчеттун формасы (FORM STI-059) ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасындагы киреше булагынан кармап калынган салыктын суммасы (проценти) жөнүндө отчеттун формасын (FORM STI-059) толтуруу тартиби ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы салык отчетунун формаларын (FORM STI-059) толтуруу жана берүү тартиби жөнүндө салык төлөөчүлөрдүн арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-октябрындагы № 585 токтомуна 1-тиркеме
FORM STI-059 Кыргыз Республикасындагы киреше (пайыздын) булагынан кармалган салыктын суммасы жөнүндө ОТЧЕТ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-октябрындагы № 585 токтомуна 2-тиркеме
Кыргыз Республикасындагы киреше (пайыздын) булагынан кармалган салыктын суммасы жөнүндө отчеттун формасын (FORM STI-059) толтуруу ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасындагы киреше (пайыздын) булагынан кармалган салыктын суммасы женүндө отчеттун формасын толтуруу тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасындагы киреше (пайыздын) булагынан кармалган салыктын суммасы жөнүндө отчет FORM STI-059 (мындан ары - Отчет) Отчеттун формасынан жана отчеттун тиркемелеринен турат:
1) Кыргыз Республикасындагы киреше булагынан кармалган салыктын суммасы (пайыздын) жөнүндө отчеттун тиркемеси FORM STI-059-001 (Кыргыз Республикасынын резиденттери эместер боюнча);
2) Кыргыз Республикасындагы киреше (пайыздын) булагынан кармалган салыктын суммасы жөнүндө отчеттун тиркемеси FORM STI-059-002 (Кыргыз Республикасынын резиденттери боюнча).
3. Отчетту толтуруу отчеттун тиркемелерин толтуруудан башталат.
Эгерде салык төлөөчүдө тиркемелердин бирин толтуруу үчүн көрсөткүчтөр жок болсо, мындай тиркеме толтурулбайт жана салык органына берилбейт. Отчетко көрсөткүчтөрү бар тиркемелер гана тиркелет.
2. Отчетту толтуруу тартиби
4. 001-уячада:
1) эгерде отчеттук квартал үчүн Отчет биринчи жолу берилип жатса - "Х" түрүндөгү белги "баштапкы" уячасында көрсөтүлөт;
2) эгерде Отчет мурун бул отчеттук квартал үчүн берилсе, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, алар берилген Отчетто оңдолсо - "Х" түрүндөгү белги "такталган" уячасында көрсөтүлөт.
5. Отчеттун уячаларын толтуруу төмөнкүчө ишке ашырылат:
1) 102-уячада салык төлөөчүнүн ИСНи көрсөтүлөт;
2) 103-уячада салык төлөөчүнүн толук аталышы көрсөтүлөт;
3) 104-уячада салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт;
4) 107-уячада салык төлөөчүнү каттоо учурунда статистика органы тарабынан ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт;
5) 112-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө турган жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт;
6) 113-уячада салык төлөөчү иш жүзүндө турган калктуу конуштун (облус, шаар, район, айыл ж.б.) аталышы көрсөтүлөт;
7) 114-уячада салык төлөөчүнүн иш жүзүндө турган жеринин дареги (көчөнүн аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери) көрсөтүлөт;
8) 115-уячада салык төлөөчүнүн телефонунун номери көрсөтүлөт;
9) 116-уячада салык төлөөчүнүн электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт;
6. 201-уячада отчеттук мезгил көрсөтүлөт.
7. 202-уячада отчеттук мезгилдин жылы көрсөтүлөт.
8. 203-уячага Отчеттун FORM STI-059-001 жана FORM STI-059-002 тиркемелеринин "Жыйынтыгы" 4-графасында көрсөтүлгөн төлөнгөн кирешелердин (пайыздардын) суммаларынын суммалык мааниси которулат.
9. 204-уячага Отчеттун FORM STI-059-001 жана FORM STI-059-002 тиркемелеринин "Жыйынтыгы" 5-графасында көрсөтүлгөн салыктын суммаларынын суммалык мааниси которулат.
10. Салык төлөөчү толтурган Отчеттун формасынын төмөнкү бөлүгүндө тиркеме "Х" белгиси менен белгиленет, бул барактардын санын көрсөтүү менен тигил же бул тиркеменин берилгендигин ырастоо болуп саналат.
11. Отчетко салык төлөөчүнүн колу коюлат жана анын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
3. Кыргыз Республикасындагы киреше (пайыздын) булагынан кармалган салыктын суммасы жөнүндө Отчеттун тиркемесин FORM STI-059-001 (Кыргыз Республикасынын резиденттери эместер боюнча) толтуруу тартиби
12. FORM STI-059-001 тиркемесинде кирешени төлөөнүн ар бир фактысы боюнча маалыматты көрсөтүү керек.
13. 1-графада төлөө булагынан киреше (пайыз) алган Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун аталышы көрсөтүлөт.
14. 2-графада Кыргыз Республикасында туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун резиденттигинин өлкөсү көрсөтүлөт.
15. 3-графада киреше (пайыздын) төлөнгөн күн көрсөтүлөт.
16. 4-графада төлөнгөн кирешенин (пайыздын) суммасы көрсөтүлөт.
17. 5-графада кармалган салыктын суммасы көрсөтүлөт.
18. 4-графанын "Жыйынтыгы" сабында төлөнгөн кирешелердин (пайыздардын) жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
19. 5-графанын "Жыйынтыгы" сабында кармалган салыктардын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
20. Отчеттун тиркемесинин ар бир барагынын жогорку оң бурчунда барактын катар номери көрсөтүлөт.
Отчеттун тиркемесинин ар бир барагынын аягына салык төлөөчүнүн колу коюлат жана мөөрү басылат.
4. Кыргыз Республикасындагы киреше (пайыздын) булагынан кармалган салыктын суммасы жөнүндө отчеттун тиркемесин FORM STI-059-002 (Кыргыз Республикасынын резиденттери боюнча) толтуруу тартиби
21. FORM STI-059-002 тиркемесинде кирешени төлөөнүн ар бир фактысы боюнча маалыматты көрсөтүү керек.
22. 1-графада төлөө булагынан киреше (пайыз) алган уюмдун аталышы же жеке ишкердин аты-жөнү көрсөтүлөт.
23. 2-графада уюмдун же жеке ишкердин ИСНи көрсөтүлөт.
24. 3-графада киреше (пайыздын) төлөнгөн күн көрсөтүлөт.
25. 4-графада төлөнгөн кирешенин (пайыздын) суммасы көрсөтүлөт.
26. 5-графада кармалган салыктын суммасы көрсөтүлөт.
27. 4-графанын "Жыйынтыгы" сабында төлөнгөн кирешелердин (пайыздардын) жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
28. 5-графанын "Жыйынтыгы" сабында кармалган салыктардын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
Отчеттун тиркемесинин ар бир барагынын жогорку оң бурчуна барактын катар номери көрсөтүлөт. Отчеттун тиркемесинин ар бир барагынын аягына салык төлөөчүнүн колу коюлат жана мөөрү басылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 99, 100, 120, 125, 302 жана 324-беренелеринин талаптарын…Постановление · 22.02.2022 · № 93
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Отчеттордун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, салыктарды жана салыктык эмес кирешелерди башкаруу боюнча маалыматтардын…Постановление · 16.03.2011 · № 109 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы №93 токтомуПостановление · 22.02.2022 · № 93
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 99, 100, 120, 125, 302 жана 324-беренелеринин талаптарын…Постановление · 22.02.2022 · № 93
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Отчеттордун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, салыктарды жана салыктык эмес кирешелерди башкаруу боюнча маалыматтардын…Постановление · 16.03.2011 · № 109 · Күчүн жоготкон