Кыргыз Республикасындагы диний кырдаалды иликтөө боюнча парламенттик комиссия түзүү жөнүндө
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Бишкек шаары
2008-жылдын 22-майы №409-IV
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасындагы диний кырдаалды иликтөө боюнча
парламенттик комиссия түзүү жөнүндө
Республиканын жарандарынан кайрылуулар, шайлоочулардан өтүнүчтөр
көп түшүп жаткандыгына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депу-
таттарынын айткандарына байланыштуу, ошондой эле жалпыга маалымдоо ка-
ражаттарынын материалдарын талдап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши төмөнкүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана башка ченемдик укук-
тук актыларынын мурда колдонуудагы жоболоруна негизденген колдонуудагы
1991-жылдын 16-декабрындагы № 656-XII "Дин тутуу эркиндиги жана дин
уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы дин бирикмелеринин иши
жана жарандардын дин тутуу эркиндигине болгон укугун ишке ашыруу үчүн
шарт түзүүнү камсыз кылып келди.
Бүгүнкү күндө республиканын аймагында 2000ден ашык диний уюмдар
(ислам, христианчылар жана анын негизги тарамдары, жањы диний кыймыл-
дар), ошондой эле диний багыттагы ар кандай объекттер (мечиттер, меде-
реселер, чиркөөлөр, сыйынуу үйлөрү, теологиялык билим берүү мекемелери)
иштеп жатат. Бул республикадагы диний кырдаалды татаалдатуу менен олут-
туу мамиле жасоону жана бул чөйрөдө пайда болуп жаткан тигил же бул ма-
селелерди чечүүдө мамлекеттин тикеден-тике катышуусун талап кылууда.
Дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринде, КМШга катышкан мамлекеттерде
жана ШКУга мүчө мамлекеттерде ишине тыюу салынган ар кандай деструк-
тивдүү, тоталитардык топтор, реакциячыл секталар (Кришна Ањ-сезим Коому
(Вайшнавдар), Мундун Бириккен Чиркөөсү, азезилчилер, Фалагундар, Ак Бо-
ордоштор, Махарише табынуусу, мормондор жана башкалар) жашыруун, ал
тургай эрежеге жатпагандай иш жүргүзүп жаткандыгын белгилеп кетүү за-
рыл. Андан калса ар кандай диний экстремистик агымдардын, өзгөчө тыюу
салынган "Хизб-ут-Тахрир" партиясынын ишине байланышкан проблемалар
улам курчугандан курчуп жатат.
Республиканын түпкү калкынын арасында христиан жаатындагы диний
коомдоштуктун санынын өскөндүгү байкалат. Түпкү калктын жаштарынын про-
тестанттык багыттагы-пресвитерианчылык, баптистик (түпкү тургундардын
ичинен) агымдарга, Иегованын Күбөлөрү жана башка ар түрдүү диний уюм-
дарга тартылып жатышы улуттар аралык ынтымакка олуттуу коркунуч кел-
тирүүдө.
Республиканын ислам коомдоштугунда ички конфессиалык карама-каршы-
лыктар бар, дааватчылардын (исламды үгүттөөчүлөрдүн) кыймылы көпчүлүк
учурда тартипсиздик мүнөзгө ээ болууда.
Жергиликтүү коомдоштукта, уруулук чөйрөдө, үй-бүлөдө (азырынча
төмөнкү дењгээлде) диний негизде бардык жерде чыр-чатактарды пайда кыл-
ган тутунган динин өзгөртүү (бир динден экинчи динге өтүү) процесси
күчөп жатат.
Диний фанатизмге берилген айрым топтор пайда болуп, алар бардык
жолдор (мыйзамдуу жана мыйзамсыз аракеттер) менен тигил же бул диндин
артыкчылыгын коргоп, мечиттерди, медереселерди, чиркөөлөрдү, сыйынуу
үйлөрүн, башка табынуу объекттерин контролсуз куруу жана ачуу уланты-
лып, ошондой эле бул максаттар үчүн жергиликтүү мамлекеттик башкаруу
органдары тарабынан жер участокторун бөлүп берүүгө жол берилүүдө.
Жарандарды (өзгөчө аялдарды, жаштарды жана жашы жетпегендерди) ар
түрдүү диний канондорго жапырт окутуп-үйрөтүү байкалууда, мунун өзү
үй-бүлөнүн, балдардын психикасынын бузулушуна, ошондой эле мектептик,
кесиптик жана жадагалса жогорку окуу жайлар тутумундагы окууларын таш-
тап кетүүгө алып келүүдө.
Кыргыз Республикасынын жарандарын Мекке менен Мединага сыйынууга
жөнөтүүнү уюштурууда жана жүзөгө ашырууда айрым проблемалар бар, Кыр-
гызстандын мусулмандарынын диний башкармасы (КМДБ) тарабынан тийиштүү
контролдоо жок, диний чөйрө маселесинде мамлекеттик органдардын өз ара
аракеттеринин начар экендиги жана иштерин координациялоонун жетишсизди-
ги байкалат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана мамлекет менен диний уюм-
дардын өз ара аракеттенүүсүнүн укуктук механизмин өркүндөтүү максатында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүн тартуу менен парла-
менттик комиссия (мындан ары - комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Р.Б.Тагаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты,
комиссиянын төрагасы;
Г.Т.Дербишева - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты;
Т.А.Жумабекова - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депута-
ты;
И.К.Жунусов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты;
З.К.Курманов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты;
П.Р.Тулендыбаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депута-
ты;
И.Ш.Өмүркулов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты;
Г.Т.Султаналиева - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депу-
таты;
М.Т.Кайыпов - Кыргыз Республикасынын адилет министри;
Э.Ө.Карабаев - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
И.С.Болжурова - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим ми-
нистри;
М.Т.Конгантиев - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
М.А.Суталинов - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук кооп-
суздук комитетинин төрагасы;
А.М.Рыскулова - Кыргыз Республикасынын Миграция жана иш менен кам-
сыз кылуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы;
Б.Ж.Асанов - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Дене-тар-
бия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекет-
тик агенттиктин төрагасы;
К.О.Осмоналиев - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Дин
иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасы.
2. Комиссия республикадагы диний кырдаалды бир айлык мөөнөттө
иликтеп чыгып, диний чөйрөдөгү, ошондой эле мамлекеттик - диний мамиле-
лер чөйрөсүндөгү иштердин абалын талдасын жана алардын жыйынтыктары бо-
юнча кењири маалымат менен мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарын
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна берсин.
Областтык мамлекеттик администрациялардын башчыларынын - губерна-
торлордун социалдык маселелерди жетектеген орун басарлары комиссиянын
ишинин убагында анын мүчөлөрүн барган жерлерде дайыма коштоп жүрсүн.
Комиссиянын ишин уюштуруучулук, усулдук жана маалыматык камсыз кы-
луу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча мамле-
кеттик агенттикке жүктөлсүн.
3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мый-
замдуулук жана адам укуктары боюнча комитетине (З.К.Курманов)
жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Төрагасы А.Мадумаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 13-июнундагы № 492-IV "2008-жылдын 13-июнуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.06.2008 · № 492-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 13-июнундагы № 507-IV "2008-жылдын 22-майындагы № 409-IV "Кыргыз Республикасындагы диний кырдаалды иликтөө боюнча парламенттик комиссия түзүү…Постановление · 13.06.2008 · № 507-IV
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдары жөнүндөЗакон · 16.12.1991 · № 656-XII · Күчүн жоготкон