Сейдикум айылдык кеңешинин «Салыктык укуктук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Сейдикум айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы
2017-жылдын 26-декабры №2 Салыктык укуктук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө
2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Салыктык укуктук мамилелер чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө” Жобонун, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Респуликасынын Салык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын текшерүүлөрдү жүргүүзүнүн тартиби жөнүндөгү мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартындагы № 145-токтому менен бекитилген Салыктык укуктук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттикыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндөгү типтүү Жобонун 10-бөлүмүнүн 10.1-пунктуна ылайык,Сейдикум айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги IX- сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл өкмөтүнө Жалал-Абад областынын Базар-Коргон району боюнча МСКБнан төмөнкү мамлекеттик ыйгарым укуктарды мыйзамдуу келишимдин негизинде өткөрүлүп алынсын.
1.Ыктыярдуу жана милдеттүү патенттердин негизинде салык жыйноо.
2.1,1,3 жана 4 топтогу мүлк салыгын жыйноо.
3. Жер салыгын жыйноо.
4.Рейддик контролдоону өткөрүү.
Салык органдарынан салык төөлөөчүнүн салыкты төлөгөндүгүнүн жана каттоодо тургандыгынын фактысын аныктоо
- Патенттин негизинде салык төлөөчүнүн салыкты төлөгөндүгүнүн физикалык көрсөткүчүн жана фактысын текшерүү.
5. Салык кызматынын органдары менен бирдикте салык постторун орнотуу.
2. Токтомду аткаруу жагы Сейдикум айыл аймагынын башчысынын орун басары Г.Токторбаевага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сейдикум айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Ирисовко милдеттендирилсин.
Тѳрага
Б.Турсункулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 5
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (5)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө ЖОБО…Положение · 11.04.2016 · № 202
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон