73820-статья. Өнөктөштүктөгү үлүштү өзгөртүү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 341-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 сентября 2021 года № 105
1. Өнөктөштөр шарика/мушарака келишиминде пайданы бөлүштүрүү датасына карата аны бөлүштүрүүдөгү өнөктөштөрдүн үлүшүн өзгөртүүнүн мүмкүндүгүн кароого же пайданы бөлүштүрүү күнүндө өнөктөштүн ага тиешелүү пайданын бөлүгүн башка өнөктөштүн пайдасына өткөрүп берүү укугун кароого укуктуу.
2. Банк башка өнөктөштөрдүн чыгашаларын ыктыярдуу түрдө өзүнө алууга укугу жок. Бирок, башка өнөктөштөрдүн чыгаша келип чыккан учурда ал үчүн жоопкерчиликти эч кандай алдын ала шарттарсыз ыктыярдуу түрдө өзүнө алуу укугу шарика/мушарака келишиминде каралышы мүмкүн.
3. Пайданын туруктуулугуна же туруктуу эместигине карабастан, өнөктөштөр аны бөлүштүрүүнүн методун пайдалануу тууралуу жобону шарика/мушарака келишиминде кароого укуктуу. Пайданы бөлүштүрүүнүн кайсы бир методун колдонуу пайданы бөлүштүрүү принцибинин бузулушуна же катышуучуну пайдага катышуудан чыгарууга алып келбөөгө тийиш. Пайда бөлүштүрүүнүн мындай натыйжага алып келиши мүмкүн болгон кайсы болбосун шарты же методу жараксыз болуп саналат.
4. Шарика/мушарака келишиминин катышуучуларынын салымдар үлүшүн өзгөртүү пайда бөлүштүрүүнүн жана чыгашалардын өлчөмүнүн ар бир өнөктөшкө тийиштүү боло турган коэффициентин алардын өнөктөштүк капиталындагы салымынын өзгөрүүсүн эсепке алуу менен өзгөртүүгө алып келет.
(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
73820-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 2 сентября 2021 года № 105 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
02.09.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Өнөктөштүктөгү үлүштү өзгөртүү
1. Өнөктөштөр алынып салынды: шарика кошулду: шарика/мушарака келишиминде пайданы бөлүштүрүү датасына карата аны бөлүштүрүүдөгү … эч кандай алдын ала шарттарсыз ыктыярдуу түрдө өзүнө алуу укугу алынып салынды: шарика кошулду: шарика/мушарака келишиминде каралышы мүмкүн.
3. Пайданын туруктуулугуна же туруктуу эместигине карабастан, өнөктөштөр аны бөлүштүрүүнүн методун пайдалануу тууралуу жобону алынып салынды: шарика кошулду: шарика/мушарака келишиминде кароого укуктуу. Пайданы бөлүштүрүүнүн кайсы бир методун … болгон кайсы болбосун шарты же методу жараксыз болуп саналат.
4. алынып салынды: Шарика кошулду: Шарика/мушарака келишиминин катышуучуларынын салымдар үлүшүн өзгөртүү пайда … алуу менен өзгөртүүгө алып келет.
(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № алынып салынды: 207 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-73820" title="73820-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>