73819-статья. Пайданы жана чыгашаларды бөлүштүрүү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 341-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 сентября 2021 года № 105
1. Шарика/мушарака келишиминде алынган пайданы ар бир өнөктөштүн өнөктөштүк капиталга кошкон салымына жараша пропорциялуу түрдө тараптардын ортосунда үлүш түрүндө бөлүштүрүүнүн тартиби каралууга тийиш. Пайда белгилүү бир акчалай сумма түрүндө белгилениши мүмкүн эмес. Ар бир өнөктөш капиталга салган үлүшүнө жараша чыгаша тартат.
2. Пайда компаниянын иш-аракетинен күтүлүүчү пайданы эсепке албастан, иш жүзүндөгү натыйжаларга жараша бөлүштүрүлүүгө тийиш.
3. Тараптар шарика/мушарака келишиминин негизинде түзүлгөн компаниянын каражаттарын башкаруу боюнча кызматтарды көрсөтүү түрүндө өз салымын кошкон же өз кызматтарын кандайдыр бир башка формада көрсөткөн, мисалы, бухгалтердик эсеп жагында кызматтарды көрсөткөн өнөктөшкө белгиленген сыйакыларды карашы мүмкүн. Мында шарика/мушарака келишиминин тараптары мындай өнөктөшкө анын өнөктөштүк капиталдагы өз үлүшүнө ылайык ага тиешелүү боло турган пайданын бөлүгүнө караганда көбүрөөк бөлүгүн белгилеши мүмкүн.
4. Пайдадагы үлүш катары бир жолку сумманы пайдадан алууга же шарика/мушарака келишиминин негизинде түзүлгөн компаниянын капиталынан процент алууга жол берилбейт.
5. Өнөктөштөр каражаттардын бөлүгүн кайсы болбосун тарапка аванс катары бөлүштүрүүгө укуктуу, аванс биротоло эсептешкенде эсепке алынууга тийиш. Эгерде берилген аванстын өлчөмү пайданын тиешелүү үлүшүнөн жогору болсо, мындай сумманы алган тарап айырманы төлөп берүүгө милдеттүү.
6. Эгерде шарика/мушарака келишиминин предмети болуп ижарага (лизингге) берүү үчүн сатып алынган активдер саналса же келишимдин предмети кызмат көрсөтүүлөр болсо, мындай бүтүмдөрдөн алынган сумма ар жыл сайын өнөктөштөрдүн ортосунда аванс катары бөлүштүрүлөт жана шарика/мушарака келишиминин мөөнөтүнүн акырында жөнгө салынууга жана орду толтурулууга жатат.
7. Тараптар алынган пайданы толук бойдон же анын бөлүгүн бөлүштүрбөөгө жана мындай сумманы төлөөгө жарамдуулук резервине же капиталдын жоготууларын жабуу үчүн резервге (инвестициялык тобокелдин резервине) багыттоого, ошондой эле кайрымдуулук көрсөтүүлөр катары жумшоого укуктуу.
8. Пайданы бөлүштүрүү принцибин бузууга алып келүүчү шарттарды шарика/мушарака келишимине киргизүүгө тыюу салынат.
9. Өнөктөштүктүн мөөнөтү аяктаганда же ал жоюлганда компаниянын бар болгон бүткүл активдерин сатуудан түшкөн пайда шарика/мушарака келишиминин негизинде, алардын рыноктук наркы боюнча биротоло бөлүштүрүлүшү мүмкүн.
(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
73819-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 2 сентября 2021 года № 105 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
02.09.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Пайданы жана чыгашаларды бөлүштүрүү
1. алынып салынды: Шарика кошулду: Шарика/мушарака келишиминде алынган пайданы ар бир өнөктөштүн өнөктөштүк капиталга … иш жүзүндөгү натыйжаларга жараша бөлүштүрүлүүгө тийиш.
3. Тараптар алынып салынды: шарика кошулду: шарика/мушарака келишиминин негизинде түзүлгөн компаниянын каражаттарын башкаруу … көрсөткөн өнөктөшкө белгиленген сыйакыларды карашы мүмкүн. Мында алынып салынды: шарика кошулду: шарика/мушарака келишиминин тараптары мындай өнөктөшкө анын өнөктөштүк капиталдагы өз … Пайдадагы үлүш катары бир жолку сумманы пайдадан алууга же алынып салынды: шарика кошулду: шарика/мушарака келишиминин негизинде түзүлгөн компаниянын капиталынан процент алууга … сумманы алган тарап айырманы төлөп берүүгө милдеттүү.
6. Эгерде алынып салынды: шарика кошулду: шарика/мушарака келишиминин предмети болуп ижарага (лизингге) берүү үчүн сатып … ар жыл сайын өнөктөштөрдүн ортосунда аванс катары бөлүштүрүлөт жана алынып салынды: шарика кошулду: шарика/мушарака келишиминин мөөнөтүнүн акырында жөнгө салынууга жана орду … Пайданы бөлүштүрүү принцибин бузууга алып келүүчү шарттарды алынып салынды: шарика кошулду: шарика/мушарака келишимине киргизүүгө тыюу салынат.
9. Өнөктөштүктүн мөөнөтү аяктаганда же ал жоюлганда компаниянын бар болгон бүткүл активдерин сатуудан түшкөн пайда алынып салынды: шарика кошулду: шарика/мушарака келишиминин негизинде, алардын рыноктук наркы боюнча биротоло бөлүштүрүлүшү мүмкүн.
(КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № алынып салынды: 207 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 207, 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 105 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 160 ""Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна…Постановление · 02.09.2021 · № 160 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-73819" title="73819-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>