1141-статья. Жалпы жоболор
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 62-Глава
1. Мыйзам боюнча мураскорлор мурас алууга ушул Кодекстин 1142-1146-статьяларында каралгандай, кезектик тартипте чакырылышат.
2. Мыйзам боюнча мурас алууда бир тараптан алганда, асыралып алынган жана анын укум-тукуму, экинчи тараптан алганда, асырап алуучу жана анын туугандары кандаш туугандарга теңештирилишет.
Асыралып алынгандар жана алардын укум-тукумдары мыйзам боюнча асырап алынгандын ата-энеси өлгөндөн кийин, анын ата-тектик жагындагы башка кандаш тугандарынын мураскору болушпайт. Асыралып алынгандын ата-энеси жана анын ата-теги жагынан башка кандаш туугандары мыйзам боюнча асыралып алынган өлгөндөн кийин анын укум-тукумунун да мураскорлору боло алышпайт.
3. Мыйзам боюнча ар бир кийинки кезектеги мураскорлор мурдагы кезектеги мураскорлор жок болгон учурда мурастоого, аларды мурастан четтетүүгө же андан баш тартууга укуктуу.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1141-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-1141" title="1141-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>