1140-статья. Милдеттерди жүктөө
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 61-Глава
1. Керээз калтыруучу керээз боюнча мураскорго, кандайдыр бир аракетти жасоо же андан баш тартуу милдетин, кредитор катары бул милдетти аткарууну талап кылуу укугун эч кимге бербестен жүктөшү мүмкүн. Жалпы пайдалуу максатты жүзөгө ашыруу үчүн мурас калтыруучу тарабынан жүктөлгөн милдетти аткаруу үчүн мүлктүн бир бөлүгүн бөлүп берүү менен ушундай эле милдет керээзди аткаруучуга жүктөлүшү мүмкүн.
2. Заты мүлктүк мүнөздөгү аракеттер болуп саналган милдеттерди жүктөөгө карата тийиштүү түрдө ушул Кодекстин 1139-статьясында камтылган эрежелер колдонулат.
3. Эгерде ушул Кодекске ылайык мурастын, жүктөлгөн милдетти аткаруу милдети тагылган мураскорго тийиштүү же таандык үлүшү башка мураскорлорго өтсө, жүктөлгөн милдетти аткаруу милдети токтотулат.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1140-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-1140" title="1140-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>