Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
11031-статья. Фирмалык аталыш
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 58-Глава
Акыркы өзгөртүү: ЗАКОН Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 86
1. Фирмалык аталыш - аны менен ал өз ишин жүзөгө ашырган жана ал башка юридикалык жактан айырмаланып турган юридикалык жактын толук аталышы.
2. Юридикалык жак граждандык карым-катнашка анын уюмдаштыруу документтеринде аныкталган өзүнүн фирмалык аталышы менен чыгат жана юридикалык жакты мамлекеттик каттоодо юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилет.
3. Юридикалык жактын фирмалык аталышы анын уюштуруу-укуктук таризин жана иштин турун билдирген сөздөрдөн гана турбастан, юридикалык жактын өз аталышына көрсөтмөнү камтууга тийиш.
4. Юридикалык жактын бир толук фирмалык аталышы болууга тийиш жана бир кыскартылган фирмалык аталышынын болушуна укуктуу.
Юридикалык жактын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдердеги фирмалык аталышы кыргыз жана орус алфавиттеринин тамгаларын, ал эми англис тилинде - латын алфавитинин тамгаларын гана камтууга тийиш.
5. Юридикалык жактын фирмалык аталышына төмөнкүлөр камтылышы мүмкүн эмес:
1) катталган (кайра катталган) юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) окшош толук же кыскартылган аталыштары;
2) жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоочу элементтер, ошондой эле одоно жана уят сөздөр.
Мамлекеттик ишкананын фирмалык аталышы мндай ишкананын Кыргыз Республикасына таандыктыгында көрсөтмөнү камтышы мүмкүн. Юридикалык жактын фирмалык аталышына Кыргыз Республикасынын расмий толук же кыскартылган аталышын, ошондой эле ушул аталыштан алынган туунду сөздөрдү жана "Улуттук" жана "Манас" деген сөздөрдү алардын кайсы айкалышында болбосун киргизүүгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жол берилет. (КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 133, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 86 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- ЗАКОН Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 86 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 июля 2016 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)") и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О фирменных наименованиях"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Фирмалык аталыштар жөнүндөЗакон · 23.12.1999 · № 145 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-11031" title="11031-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>