1047-статья. Автордук укук тарабынан корголуучу чыгармалар (автордук укуктун объектилери)
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 54-Глава
1. Автордук укук арналышына жана татыктуулугуна, ошондой эле аларды билдирүү ыкмаларына карабастан чыгармачыл иштин натыйжасы болуп эсептелген илимий, адабият жана искусство чыгармаларына жайылтылат.
2. Чыгарма аны кабыл алууга мүмкүнчүлүк берген оозеки, кат жүзүндө же башка объективдүү түрдө болууга тийиш.
Кат жүзүндөгү же башкача ыкма менен материалдык алып жүрүүчү аркылуу (кол жазма, машинкага басылган, ноталык жазуу, техникалык каражаттар аркылуу жазуу, анын ичинде үн жазуу же көргөзмө жазуу, элестерди эки өлчөмдө же көлөмдүү - мейкиндик түрүндө көрсөтүү жана башкалар) берилген чыгармалар, алардын үчүнчү жактарга түшүнүктүү болгондугуна карабастан, объективдүү түргө ээ болгон деп эсептелет. Эгерде оозеки же материалдык алып жүрүүчүдө көрсөтүлбөгөн башка чыгарма үчүнчү жактарга түшүнүктүү болсо (калк алдында сүйлөө, калк алдында аткаруу жана башкалар) ал объективдүү түргө ээ болгон деп эсептелет.
3. Автордук укук элге белгилүү болгон, ошондой эле элге белгилүү болбогон чыгармаларга да жайылтылат.
4. Автордук укук идеяларга, концепцияларга, принциптерге, тутумдарга, сунуш кылынуучу чечимдерге, табигый болуп келген көрүнүштөрдү ачууга карата жайылтылбайт.
5. Автордук укуктун келип чыгышы үчүн чыгарманы каттоо же кандайдыр-бир башка жол-жоболорду сактоо талап кылынбайт.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1047-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-1047" title="1047-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>