1046-статья. Иинтеллектуалдык менчиктин объектилерине болгон өзгөчө укуктарды коргоонун ыкмалары
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 53-Глава
1. Интеллектуалдык менчиктин объектилерине болгон өзгөчө укуктарды коргоо ушул Кодекстин 11-статьясында каралган ыкмалар менен жүзөгө ашырылат. Өзгөчө укуктарды коргоо ошондой эле:
өзгөчө укуктарды бузууга жардам берген материалдык объектилери жана ушундай укук бузуунун натыйжасында түзүлгөн материалдык объектилерди алып коюу; жол берилген укук бузуу жөнүндө милдеттүү түрдө жарыялоо, ага бузулган укук кимге таандык экендиги жөнүндө маалыматтарды киргизүү; мыйзамда каралган башка ыкмалар аркылуу жүзөгө ашырылат.
2. Интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларын жана жеке каражаттарды түзүү жана пайдалануу жөнүндө келишим бузулганда, милдеттенмелерди бузгандык үчүн жоопкерчилик жөнүндө жалпы эрежелер колдонулат.
(КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1046-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 25.02.2013 · № 32
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-1046" title="1046-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>