Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Курманбек айылдык кеңешинин “Жайыт ресурстарын мал жаюудан тышкары башкамаксаттарга пайдалануу боюнча Жайыт ресурстарынмал жаюу менен байланышпаган башка максаттаргапайдалануу тарифин бекитүү жөнүндө” токтому
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
2020-жылдын 15-сентябры № 2 “Жайыт ресурстарын мал жаюудан тышкары башкамаксаттарга пайдалануу боюнча Жайыт ресурстарынмал жаюу менен байланышпаган башка максаттаргапайдалануу тарифин бекитүү жөнүндө” Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы, Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 3-1, 10-беренелерине ылайык, жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын13-сентябрындагы № 515 токтому менен бекитилген Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндөТИПТҮҮ ЖОБОну жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу үчүн акы, мал жаюуга пайдалануу үчүн каралган акыга барабар өлчөмдө бекитилсин.
2. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишим түзүү жагы жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.
3. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишимге, берилүүчү жер участогунун чек арасы жана аянты көрсөтүлгөн пландык-картографиялык материал тиркелсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик, кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы
Ч.Тайгараев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жайыттар жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 30 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 "Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 13.09.2013 · № 515 · Күчүн жоготкон