Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Атай айылдык кеңешинин «Айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык оъектилерди өрт коопсудугунун алдын алуу максатында өрт өчүрүүчү шаймандар менен толук кандуу камсыз кылуу жөнүндө» токтому
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХX сессиясы
2019-жылдын 11-сентябры № 5 Айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык оъектилерди өрт коопсудугунун алдын алуу максатында өрт өчүрүүчү шаймандар менен толук кандуу камсыз кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын “2018-жыл 22-августунда №381 токтому менен бекитилген “Өрт коопсуздугу боюнча” эреженин талаптарына ылайык социалдык объектилерди өрт өчүрүүчү шаймандар менен камсыз кылуу боюнча айыл өкмөт башчысы Б.Бобукеевдин сунушун угуп, талкуулап сунуш-пикирлерди эске алып Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “2018-жыл 22-августунда №381 токтому менен бекитилген “Өрт коопсуздугу боюнча” эреженин талаптарына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык оъектилерди өрт коопсудугунун алдын алуу максатында өрт өчүрүүчү шаймандар менен толук кандуу камсыз кылуу, сметасын түзүү айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Эркуловго тапшырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын “2018-жыл 22-августунда №381 токтому менен бекитилген “Өрт коопсуздугу боюнча” эреженин талаптарына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык оъектилерди өрт коопсудугунун алдын алуу максатында өрт өчүрүүчү шаймандар менен камсыз кылууга түзүлгөн сметага ылайык 49200 (кырк тогуз миң эки жүз) сом акча каржатын чечип берүү “Атай-Биримдик” муниципалдык ишканасынын башчысы Сталбек уулу Урматка милдеттендирилсин .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл Кеңешинин “План- бюджет жана финансы ” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасы
У.Шерипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 381 "Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.08.2018 · № 381 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугунун эрежелери (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 381 токтомуна)Правила · 22.08.2018 · № 381 · Күчүн жоготкон