Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Указ Президента КР УП № 410 «О проведении референдума (всенародного голосования) в Кыргызской Республике»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-02-24.
КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 62 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2007-жылдын 19-сентябры № 410
Кыргыз Республикасында референдум
(бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүү жөнүндө
Конституциялык реформаны жүргүзүүнү аяктоо, конституциялык түзү-
лүштү жана башкарууну өркүндөтүү, мамлекеттик бийлик органдарын түзүүгө
саясый партиялардын, аялдардын, жаштардын, ар кандай улуттардын жана
социалдык топтордун өкүлдөрүнүн реалдуу катышуусун камсыз кылуу зарыл-
чылыгын көњүлгө алуу менен, бул максатка консенсустун жана ар кандай
саясый күчтөрдүн баш кошуусунун негизинде жетишүүгө умтулуп, өлкө үчүн
коомдо биримдикке жана макулдашууга жетишүү, коомдук-саясый кырдаалдын
туруктуулугун сактоо маанилүү экендигин эске алып, Кыргызстандын эли
эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы экенди-
гин таанып, коомдогу саясый күчтөрдүн пикирин эске алып, Кыргыз Респуб-
ликасынын Конституциясынын 1-, 7-, 42-, 46-, 96-статьяларын жетекчилик-
ке алуу менен токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында референдум (бүткүл эл-
дик добуш берүү) 2007-жылдын 21-октябрына, жекшембиге дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын жарандары кабыл алуу үчүн референдумга
"Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жањы редакциясы жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамынын жана "Кыргыз Республикасындагы шайлоо
жөнүндө Кодекстин жањы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-
замынын долбоорлору (тиркелет) коюлсун.
3. Добуш берүү үчүн бюллетенге киргизүү үчүн суроолордун төмөнкү-
дөй баяндалышы бекитилсин:
1) "Долбоору Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан референ-
думга (бүткүл элдик добуш берүүгө) коюлган "Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын жањы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-
мы кабыл алынсын.
---
ООБА _________________________________________________________ ---
---
ЖОК __________________________________________________________ ---
2) Долбоору Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан референ-
думга (бүткүл элдик добуш берүүгө) коюлган "Кыргыз Республикасындагы
шайлоо жөнүндө Кодекстин жањы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Мыйзамы кабыл алынсын.
---
ООБА _________________________________________________________ ---
---
ЖОК __________________________________________________________ ---
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
Борбордук комиссиясынын сунушу боюнча референдумду уюштуруу, материал-
дык жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин, ошондой эле ушул
Жарлыктан келип чыккан башка маселелерди чечсин;
- референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти,
Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоону камсыз
кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
Борбордук комиссиясы аткаруу бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу
органдары менен тыгыз өзара аракеттенүү менен референдумду уюшкандыкта
өткөрүүнү, мыйзамдарды сактоону камсыз кылсын, аны даярдоонун жана өт-
көрүүнүн жүрүшү жөнүндө коомчулукка туруктуу маалымдап турсун.
6. Референдум (бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүү жөнүндө Кыргыз
Республикасынын мыйзамына ылайык референдумдун жүрүшүндө тизмеге кирги-
зилген жарандардын жарымынан ашыгынын жактыруусуна ээ болгон "Кыргыз
Республикасынын Конституциясынын жањы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө
Кодекстин жаны редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
Кыргыз Республикасынын Президенти кол коет жана ал расмий жарыяланган
күндөн баштап күчүнө кире тургандыгын белгиленсин.
"Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жањы редакциясы жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жогорку юридикалык күчкө ээ жана ким-
дир-бирөөнүн бекитүүсүн талап кылбайт.
7. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 2-октябрындагы №2048-III "2007-жылдын 21-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасындагы референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) кошумча суроо…Постановление · 02.10.2007 · № 2048-III
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-октябрындагы № 446 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 19-сентябрындагы "Кыргыз Республикасында референдум (жалпы…Постановление · 03.10.2007 · № 446 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-февралындагы № 46 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын аткаруунун жүрүшү жана Кыргыз…Постановление · 13.02.2008 · № 46 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 10-октябрындагы ПЖ № 443 "Кыргыз Республикасында референдум (бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин…Указ · 10.10.2007 · № 443 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-ктябрындагы ПЖ № 433 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 19-сентябрындагы "Кыргыз Республикасында референдум…Указ · 03.10.2007 · № 433 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралууЗакон · 23.10.2007 · № 158 · Күчүн жоготкон