Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ноокат шаардык кеңешинин «Ноокат шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бири болгон Ош көчөсүнө Төрөбай Кулатовдун атын берүү жөнүндө» токтому
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ноокат шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXXIX сессиясы
2020-жылдын 8-декабры №3 Ноокат шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бири болгон Ош көчөсүнө Төрөбай Кулатовдун атын берүү жөнүндө Ноокат шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бири болгон Ош көчөсүнө Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик саясий ишмери Төрөбай Кулатовдун атын берүү боюнча Ноокат шаар мэриясынын сунуш катын карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар” жөнүндөгү Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөгү 2008-жылдын 21-июлундагы №159 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык обьекттердин атын атоо, атын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке жана каттоого алуунун тартиби жөнүндөгү” жобонун негизинде Ноокат шаардык кенешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясын сунушун карап Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын негизги көчөлөрүнүн бири болгон Ош көчөсү Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик саясий ишмери Төрөбай Кулатов атындагы көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
төрага
А.Гафаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуЗакон · 21.07.2008 · № 159
- КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 19-августу № 467 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо…Постановление · 19.08.2008 · № 467 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөЗакон · 25.09.1997 · № 67