Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
31-статья. Милдеттүү медициналык кароолор
Күчүн жоготкон · 27.07.2009 редакциясы · 4-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 июля 2009 года № 248.
Жугуштуу оорулардын, жугуштуу эмес массалык оорулардын (уулануу-
лардын) пайда болушун, таралышын жана кесиптик оорулардын алдын алуу
максатында айрым кесиптердин, өндүрүштөрдүн жана уюмдардын кызматкерле-
ри өздөрүнүн эмгектик милдеттерин аткарууда, ишке киришүүдө алдын ала
жана мезгил-мезгили менен профилактикалык медициналык кароолордон (мын-
дан ары - медициналык кароолор) өтүп турууга милдеттүү.
Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитар-
дык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин сунушта-
рынын негизинде мамлекеттик бийлик органдарынын же жергиликтүү өз ал-
дынча башкаруу органдарынын чечимдери менен айрым уюмдарда (цехтерде,
лабораторияларда жана башка курамдык бөлүктөрдө) кызматкерлерди медици-
налык кароодон өткөрүүгө карата кошумча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
Жеке жана юридикалык жактар кызматкерлердин медициналык кароолор-
дон өз убагында өтүшү үчүн зарыл шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.
Медициналык кароодон өтүүдөн баш тартышкан кызматкерлер ишке кир-
гизилбейт.
Медициналык кароолордон өтүүнүн маалыматтары мамлекеттик саламат-
тык сактоо тутумунун дарылоочу-профилактикалык мекемелери, Кыргыз Рес-
публикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын орган-
дары жана мекемелери тарабынан кызматкерлердин жекече медициналык ки-
тепчесине киргизилүүгө, ошондой эле эсепке алынууга тийиш.
Милдеттүү медициналык кароолорду өткөрүүнүн, эсепке алуунун, от-
четтуулук жүргүзүүнүн жана кызматкерлерге жеке медициналык китепчелерди
берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 27.07.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/467/st-31" title="31-статья - Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>