30-статья. Жугуштуу оору менен ооруган оорулууларга карата чаралар
Күчүн жоготкон · 27.07.2009 редакциясы · 4-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 июля 2009 года № 248.
Жугуштуу оору менен ооруган оорулуулар, мындай оорудан шектүү
адамдар жана жугуштуу оору менен ооругандар менен байланышта болгон
адамдар, ошондой эле жугуштуу ооруларды козгоочу адамдар лабораториялык
изилдөөгө жана медициналык байкоого алынууга же дарыланууга жана эгерде
алар айлана-тегеректегилер үчүн коркунуч туудурган учурда Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте милдеттүү түрдө госпи-
талдаштырууга же өзүнчө кармалууга тийиш.
Жугуштуу ооруларды козгоочуларды таратуучулар болуп саналган адам-
дар, эгер алар өздөрү иштеген өндүрүштүн же алар аткарган иштин
өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жугуштуу ооруларды таратуучулардын булакта-
ры болушу мүмкүн болсо убактылуу жугуштуу ооруларды таратуу коркунучу
менен байланышпаган башка иштерге которулушат. Которууга мүмкүн болбо-
гондо башкы мамлекеттик санитардык врачтардын жана алардын орун басар-
ларынын токтомдорунун негизинде алар социалдык камсыздандыруу боюнча
жөлөкпулдарды төлөп берүү менен иштен убактылуу четтетилишет.
Жугуштуу оорулар жана жугуштуу эмес массалык оорулардын (уулануу-
лардын) бардык окуялары мындай оорулар (уулануулар) айкындалган жердеги
саламаттык сактоо уюмдары тарабынан катталууга, алар боюнча Кыргыз Рес-
публикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын орган-
дары жана мекемелери тарабынан мамлекеттик эсепке алынууга, отчеттуулук
жүргүзүлүүгө тийиш.
Көрсөтүлгөн оорулар (уулануулар) болгон учурларды мамлекеттик
эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби, ошондой эле алар боюнча отчеттуулук-
ту жүргүзүүнүн тартиби мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык
көзөмөлдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик аткаруу
бийлик органы тарабынан белгиленет.
Берененин тексти 27.07.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/467/st-30" title="30-статья - Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>