27-статья. Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоо
Күчүн жоготкон · 27.07.2009 редакциясы · 4-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 июля 2009 года № 248.
Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоо Кыргыз Республи-
касынын аймагына калк үчүн коркунуч туудурган жугуштуу оорулардын алы-
нып келинишинин жана Кыргыз Республикасынын аймагында таралышынын алдын
алууга, ошондой эле адам үчүн коркунуч туудурган товарлардын, химиялык,
биологиялык жана радиоактивдүү заттардын, калдыктардын жана башка
жүктөрдүн (мындан ары - коркунучтуу жүктөр жана товарлар) Кыргыз Рес-
публикасынын аймагына алынып келинишине жана Кыргыз Республикасынын ай-
магында сатылышына жол бербөөгө багытталган.
Кыргыз Республикасынын аймагында санитардык коргоо боюнча иш-чара-
ларды жүргүзүүнү талап кылган жугуштуу оорулардын тизмесин мамлекеттик
санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укук бе-
рилген мамлекеттик аткаруу бийлигинин органы аныктайт.
Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө Кыргыз Республикасы-
нын мыйзамдарында тыюу салынган коркунучтуу жүктөрдү жана товарларды,
ошондой эле санитардык-карантиндик контролду жүргүзүүдө Кыргыз Респуб-
ликасынын аймагына алынып келинсе айлана-тегеректегилер үчүн коркунуч
туудурган жугуштуу оорулардын же жугуштуу эмес массалык оорулардын (уу-
лануулардын) пайда болушуна жана таралышына коркунуч түзөөрү белгилен-
ген жүктөрдү жана товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына алып
келүүгө жол берилбейт.
Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоо үчүн Кыргыз Рес-
публикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында мамле-
кеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашырууга ыйгарым
укук берилген мамлекеттик аткаруу бийлигинин органынын чечиминин неги-
зинде санитардык-карантиндик контроль киргизилет.
Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоону жүзөгө ашыруу-
нун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, санитардык
эрежелери жана башка ченемдик укук актылары менен белгиленет.
Берененин тексти 27.07.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/467/st-27" title="27-статья - Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>