26-статья. Санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык)
Күчүн жоготкон · 27.07.2009 редакциясы · 4-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 июля 2009 года № 248.
иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү
Жугуштуу оорулардын жана жугуштуу эмес массалык оорулардын (уула-
нуулардын) пайда болушун жана таралышын алдын алуу максатында санитар-
дык эрежелерде жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актыла-
рында каралган санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чара-
лар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык жактан кор-
гоону жүзөгө ашыруу, чектөөчү иш-чараларды (карантинди) киргизүү,
өндүрүштүк контролду, жугуштуу оорулар менен ооругандарга карата чара-
ларды, медициналык кароолорду жүзөгө ашыруу, профилактикалык эмдөөлөрдү
жүргүзүү, жарандарды гигиеналык жактан тарбиялоо жана окутуу боюнча
иш-чаралар өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлүүгө тийиш.
Санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чаралар калктын
саламаттыгын сактоо жана чыњдоонун, калктын санитардык-эпидемиологиялык
бейпилдигин камсыздоонун иштелип чыгуучу максаттуу мамлекеттик програм-
маларына, ошондой эле бул тармактагы регионалдык максаттуу программа-
ларга киргизилүүгө тийиш.
Санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чаралар жарандар,
жеке жана юридикалык жактар тарабынан алар жүзөгө ашырган ишке ылайык
милдеттүү тартипте, ошондой эле ушул Мыйзамдын 47-статьясынын экинчи
бөлүгүндө каралган учурларда жүргүзүлөт.
Берененин тексти 27.07.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/467/st-26" title="26-статья - Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>