Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
(Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген) « Кыргыз Республикасынын мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө» ЖОБО
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2007-жылдын 31-июлундагы
№ 357 Жарлыгы менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын мамлекеттеги
дипломатиялык өкүлчүлүгү жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги дипломатиялык
өкүлчүлүгү (мындан ары - Элчилик) Кыргыз Республикасын келген мамлекет-
те көрсөткөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы байланыш органы
болуп эсептелет.
Келген мамлекет болуп анын аймагында Элчилик аккредиттелген чет
мамлекет эсептелет.
Тийиштүү чет мамлекеттеги Элчилик кош тараптуу эл аралык келишим-
дердин же башка макулдаштыктардын негизинде Кыргыз Республикасынын Тыш-
кы иштер министрлигинин (мындан ары-ТИМ) Кыргыз Республикасынын кызык-
дар министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана администрациялык ве-
домстволору менен макулдашылган сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын
Президентинин Жарлыгы менен түзүлөт.
Элчилик Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын
системасына кирет.
2. Элчилик өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясы-
на, "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамына жана башка мыйзамдарга, Кыргыз Республикасынын
Президентинин жарлыктарына жана буйруктарына, Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн токтомдоруна жана буйруктарына, Кыргыз Республикасынын Тышкы
иштер министрлиги жөнүндө Жобого, ушул Жобого, ТИМдин ченемдик укуктук
актыларына, эрежелерине жана көрсөтмөлөрүнө, ошондой эле Дипломатиялык
мамилелер жөнүндө 1961-жылдагы Вена конвенциясынын жана башка колдонуу-
га жарамдуу болгон эл аралык ченемдерге ылайык жүргүзөт.
3. Элчиликтин имаратынын үстүндө же анын аймагында Кыргыз Респуб-
ликасынын Мамлекеттик желеги көтөрүлөт, Кыргыз Республикасынын Мамле-
кеттик гербинин сүрөтү тартылган жана кыргыз тили менен келген мамле-
кеттин мамлекеттик тилинде жазылган "Кыргыз Республикасынын (чет мамле-
кеттин аталышы) Элчилиги" деген жазмасы бар калкан орнотулат Кыргыз
Республикасынын Мамлекеттик символикасы келген мамлекеттин протоколдук
практикасын эске алуу менен пайдаланылат.
4. Элчилик, анын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү кел-
ген мамлекетте эл аралык укуктун ченемдеринде, Дипломатиялык мамилелер
жөнүндө 1961-жылдагы Вена конвенциясында жана келген мамлекеттин мый-
замдарында каралган артыкчылыктардан жана иммунитеттерден пайдаланышат.
Элчиликтин кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү келген мам-
лекеттин мыйзамдарын, каада-салттарын жана үрп-адаттарын урматтоого
милдеттүү.
5. Кызматтык милдеттери боюнча Элчиликтин персоналы дипломатиялык,
административдик-техникалык жана тейлөөчү кызматкерлер болуп бөлүнөт.
Ушул Жобонун алкагында Элчиликке жумушка алуу тартибине ылайык
персонал кызматкерлерге (тышкы иштер министри тарабынан дипломатиялык
жана административдик-техникалык кызматтарга алынган жана ротациялоо
иретинде жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жарандары) жана жумушчуларга
(келген мамлекеттеги Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи тарабынан техни-
калык кызматтарга же тейлөөчү персонал катары жалданган Кыргыз Респуб-
ликасынын жарандары же чет элдик жарандар) бөлүнөт.
II. Элчиликтин негизги милдеттери жана функциялары
6. Элчиликтин негизги милдеттери төмөнкүлөр:
- келген мамлекет менен болгон мамилелерде Кыргыз Республикасынын
бирдиктүү тышкы саясий багытын жүргүзүү жана бул максатта аныкталган
тартипте келген мамлекетте жайгашкан Кыргыз Республикасынын башка
өкүлчүлүктөрү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу
органдарынын, башка уюмдарынын өкүлчүлүктөрү (мындан ары-башка
өкүлчүлүктөр), алардын делегациялары жана Кыргыз Республикасынан келген
адистердин топтору жүргүзгөн иш-аракеттерди координациялоо жана алардын
иштерин контролдоо;
- эл аралык мамилелерде Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн, ай-
мактык бүтүндүгүн жана башка кызыкчылыктарын коргоону дипломатиялык ка-
ражаттар менен камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык саясатын
жүргүзүүгө көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасынын келген мамлекеттеги жарандарынын жана
юридикалык жактарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;
- келген мамлекеттин эл аралык абалы, ал мамлекеттин тышкы жана
ички саясаты, келген мамлекетте жайгашкан эл аралык уюмдардын иш-
мердүүлүгү жөнүндө маалыматтарды чогултуу, иштетүү, анализдөө жана сис-
темалаштыруу;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын
дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана
Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык башка
милдеттерди аткаруу.
7. Элчилик өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды
аткарат:
- Кыргыз Республикасын келген мамлекетте, ал эми тиешелүү укуктар
берилген учурда бул мамлекетте иштеп жаткан эл аралык уюмдарда дагы
көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоо, ошондой
эле келген мамлекетте бул мамлекеттин мыйзамдарын эске алып жана эл
аралык укуктун чектеринде Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юри-
дикалык жактарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерди
жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн, ТИМдин тапшырмаларын, ошондой эле ТИМ менен макулдашылган
башка мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын тапшырмаларын, Кыр-
гыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, мамле-
кеттик мекемелеринин жана ишканаларынын суроо-талаптарын аткаруу Мамле-
кеттик бийлик жана башкаруу органдарынын тапшырмалары, Кыргыз Республи-
касынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, мамлекеттик мекеме-
леринин жана ишканаларынын суроо-талаптары Элчиликке ТИМ аркылуу же аны
менен макулдашуу боюнча жөнөтүлөт;
- келген мамлекеттин мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары,
ошондой эле келген мамлекетте жайгашкан эл аралык уюмдар менен
сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды Кыргыз Республикасынын Президенти-
нин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана ТИМдин тапшырмаларына жана
көрсөтмөлөрүнө ылайык өткөрүү;
- келген мамлекет жөнүндө маалыматтарды чогултуу, Кыргыз Республи-
касы менен келген мамлекеттин ортосундагы мамилелерди, ал мамлекеттин
тышкы жана ички саясатын, эл аралык мамилелер системасындагы абалын
анализдөө, ошондой эле келген мамлекет жайгашкан региондогу башка мам-
лекеттердин, эл аралык уюмдардын, бирикмелердин жана союздардын иш-
мердүүлүгүн изилдөө;
- Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын
Премьер-министрин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн, ТИМди, Кыргыз Рес-
публикасынын аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарын келген
мамлекеттин тышкы жана ички саясий маселелери боюнча аныкталган тартип-
те маалымдоо жана Кыргыз Республикасынын келген мамлекет жана тиешелүү
эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерин өнүктүрүү боюнча сунуштарды
белгиленген тартипте киргизүү;
- Кыргыз Республикасы менен келген мамлекеттин ортосундагы достук
мамилелерди колдоо жана өз ара кызыкчылык туудурган саясий, соода-эко-
номикалык, инвестициялык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жана
башка тармактарда алардын ортосундагы, ошондой эле тийиштүү эл аралык
уюмдар менен кызматташтыктын өнүгүүсүн дипломатиялык каражаттар менен
камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарына жана зарыл
болгон учурда, Кыргыз Республикасынын коомдук бирикмелерине жана ишкер
чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнө келген мамлекеттин мамлекеттик органдары, коом-
дук бирикмелери жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен байланыш түзүүгө
көмөк көрсөтүү,
- Кыргыз Республикасы менен келген мамлекеттин ортосунда түзүлүүчү
эл аралык келишимдердин долбоорлорун, эл аралык келишимдерди түзүү, ат-
каруу, алардын колдонулушун токтотуу жана убактылуу токтотуу жөнүндө
сунуштарды даярдоого катышуу;
- Кыргыз Республикасы менен келген мамлекеттин жана эл аралык уюм-
дардын ортосунда түзүлгөн кош тараптуу келишимдердин аткарылышын, ошон-
дой эле көп тараптуу келишимдердин Кыргыз Республикасынын келген мамле-
кет менен болгон карым-катнаштарына байланышкан бөлүктөрүндө иштешин
контролдоо;
- ТИМге келген мамлекеттин эњ маанилүү ченемдик укуктук актылары
жөнүндө маалыматтарды жиберүү;
- эњ жогорку жана жогорку дењгээлдердеги мамлекеттер аралык алма-
шууларды, Кыргыз Республикасынын расмий делегацияларынын келген мамле-
кетке болгон ишсапарларын, ошондой эле келген мамлекеттин расмий деле-
гацияларынын Кыргыз Республикасына болгон ишсапарларын даярдоого жана
ишке ашырууга катышуу;
- келген мамлекеттин мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары,
тышкы саясий, тышкы экономикалык жана башка ведомстволору, алардын кыз-
мат адамдары, коомдук бирикмелер, ишкер, илимий жана маданий
чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, массалык маалымат каражаттары, келген мамлекетте-
ги дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен байланышып туруу;
- Кыргыз Республикасынын келген мамлекеттеги консулдук мекемелери-
нин иш-аракеттеринин үстүнөн жалпы жетекчилик жүргүзүү, аларга методи-
калык көмөк көрсөтүү, ал эми келген мамлекетте консулдук мекемелер жок
болгон учурда консулдук функцияларды аткаруу;
- келген мамлекетте Кыргыз Республикасынын тышкы саясий багытына,
анын ички саясатына, социалдык-экономикалык, маданий жана руханий тур-
мушуна байланышкан маселелер боюнча расмий маалыматтарды таратуу жана
келген мамлекетте Кыргыз Республикасына, анын эл аралык аренадагы де-
милгелерине карата позитивдүү көз караштын калыптануусуна бардык жактан
көмөктөшүү;
- келген мамлекетте Кыргыз Республикасына таандык болгон мүлккө
карата анын менчик укугун коргоо, анын сактыгын жана сарамжалдуу пайда-
ланылышын камсыздоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын келген мамле-
кеттеги башка мүлктүк укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;
- келген мамлекетте жашап жаткан мекендештер жана улуттук борбор-
лор менен байланыштарды жана карым-катнаштарды түзүүгө жана өнүктүрүүгө
көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасынын тиешелүү эл аралык макулдаштыктарынын не-
гизинде келген мамлекетте үчүнчү мамлекеттердин жана алардын жарандары-
нын кызыкчылыктарын көрсөтүү жана коргоо;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, келген мам-
лекеттин мыйзамдарына жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык башка
функцияларды аткаруу.
III. Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчини
дайындоо, чакырып алуу жана/же ээлеген
кызматынан бошотуу тартиби
8. Элчиликти Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу
Элчиси (мындан ары-Элчи) жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын келген
мамлекетте аккредиттелген башкы расмий өкүлү болуп эсептелет. Аккре-
диттөөчү бардык мамлекеттер тарабынан каршылык жок болгон учурда Элчи
бир нече чет мамлекеттерде аккредиттелиши мүмкүн.
9. Элчи кызматына Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин
сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин эл аралык масе-
лелер боюнча тиешелүү комитети менен болгон кењешүүлөрдөн кийин Кыргыз
Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат.
10. Элчи болуп тиешелүү дипломатиялык жана коомдук-саясий тажрый-
басы бар, эреже катары, чет тилдеринин биринде сүйлөй алган, өзүнүн же-
ке сапаттары, профессионалдык билими жана ден соолугунун абалы боюнча
ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү болгон Кыргыз Республика-
сынын жараны дайындалат.
11. Элчинин ордуна коюлган талапкер Кыргыз Республикасынын Прези-
дентине Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри тарабынан талапкер-
дин өмүр баяны тууралуу маалыматтарды, ошондой эле 10-пунктта белгилен-
ген анын профессионалдык сапаттарын далилдөөчү тийиштүү документтерди
тиркөө менен жазуу жүзүндө көрсөтүлөт.
12. Элчинин ордуна коюлган талапкерди Кыргыз Республикасынын Пре-
зиденти жактыргандан кийин анын Администрациясы бул тууралуу ТИМге маа-
лымдайт, ТИМ Элчинин ордуна талапкерге көрсөтмөнү кењешмелерди өткөрүү
үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин эл аралык маселелер боюн-
ча тиешелүү комитетине жөнөтөт.
Аккредиттөөчү мамлекеттен жооп алынганга чейин Элчинин ордуна ко-
юлган талапкерге байланышкан маалыматтар жашыруун болуп эсептелет.
13. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин эл аралык маселелер
боюнча тиешелүү комитети менен тийиштүү кењешмелер өткөрүлгөндөн кийин
ТИМ Элчи аккредиттеле турган чет мамлекеттин тиешелүү Тышкы иштер ми-
нистрлигине агреман (макулдук) берүү жөнүндө суроо-талап жөнөтөт.
14. Аккредиттөөчү мамлекеттен оњ жооп алынгандан кийин Элчини да-
йындоо тууралуу чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы
түрүндө кабыл алынат.
15. Элчи дайындалган мамлекетке кеткенге чейин ТИМ ага аккре-
диттөөчү мамлекеттин башчысына тапшыруу үчүн ишеним грамотасын, ошондой
эле мурунку Элчини чакырып алуу грамотасын даярдайт, мындай грамоталар-
га Кыргыз Республикасынын Президенти кол коет жана алар Кыргыз Респуб-
ликасынын тышкы иштер министринин колу менен бекитилет.
16. Элчини чакырып алуу жана/же ээлеген кызматынан бошотуу Кыргыз
Республикасынын тышкы иштер министринин сунушу боюнча Кыргыз Республи-
касынын Президенти тарабынан жүргүзүлөт, бул учурда ал чет өлкөгө кет-
кенге чейин ээлеген кызмат ордунан төмөн эмес орунга дайындалуу
мүмкүнчүлүгүн сактайт.
IV. Элчиликтин кызматкерлерин жана жумушчуларын
дайындоо, чакырып алуу жана ээлеген кызматынан
бошотуу тартиби
17. Элчиликтин дипломатиялык кызматкерлерин жана административ-
дик-техникалык персоналынын мүчөлөрүн Элчиликтин штатына дайындоо,
ошондой эле ротациялоо ушул Жобого ылайык жана ТИМдин ченемдик укуктук
актылары тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
Элчиликтин дипломатиялык кызматкерлери жана административдик-тех-
никалык персоналынын мүчөлөрү өз кызмат орундарына Элчиликтин Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган штаттык санынын чегинде
тышкы иштер министринин буйругу менен Кыргыз Республикасынын дипломати-
ялык кызматынын кызматкерлеринин ичинен дайындалат.
18. Элчиликке ТИМдин борбордук аппаратында же Кыргыз Республикасы-
нын аймагындагы анын өкүлчүлүктөрүндө (мындан ары - ТИМдин борбордук
аппараты) иштеген дипломатиялык кызматтын кызматкерлери, ошондой эле
дипломатиялык рангы бар жана ТИМдин кадрлар резервинде турган мамлекет-
тик кызматкерлер дайындалат.
Элчиликке биринчи ирет дайындалганга чейин кызматкер ТИМдин бор-
бордук аппаратында эки жылдан кем эмес иштөөгө тийиш.
ТИМдин борбордук аппаратында эки жылдан кем иштеген ТИМдин борбор-
дук аппаратынын кызматкери ТИМдин борбордук аппаратында эки жылдан кем
эмес иштеген ТИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин арасында
ылайыктуу кандидатура жок болгон учурда гана Элчиликке дайындалышы ык-
тымал Элчиликке тиешелүү дипломатиялык тажрыйбасы бар, чет тилдердин
бирин билген, өзүнүн профессионалдуу тажрыйбасы, даярдыгы жана адисти-
ги, ошондой эле ден соолугунун абалы боюнча ага жүктөлгөн функцияларды
аткарууга жөндөмдүү болгон ТИМдин борбордук аппаратынын кызматкери да-
йындалат.
19. Элчиликтин жана ТИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлерин
жана административдик-техникалык персоналынын мүчөлөрүн ротациялоо
пландык тартипте жүргүзүлөт
Ротациялоонун планга ченемдүү болушун камсыз кылуу максатында дип-
ломатиялык кызматтын кызматкерлеринин төмөнкүдөй иштөө мөөнөттөрү анык-
талат:
- чет өлкөлөргө болгон ишсапарлардын ортосундагы мезгилде ТИМдин
борбордук аппаратынын бөлүмдөрүндө-эки жылдан кем эмес;
- Элчиликте-үч жылга чейин (бул мөөнөт Кыргыз Республикасынын тыш-
кы иштер министринин чечими боюнча жана кызматкердин макулдугу менен
кызматтык зарылдыкка байланыштуу бир жылдан ашпаган убакытка узартылышы
мүмкүн).
Административдик-техникалык персоналдын мүчөлөрү үчүн Элчиликте
иштөө мөөнөтү эки жылга чейин белгиленет, бул мөөнөт Кыргыз Республика-
сынын тышкы иштер министринин чечими боюнча узартылышы мүмкүн.
20. Дипломатиялык кызматка башка мекемелерден жана уюмдардан алын-
ган Кыргыз Республикасынын жарандары Элчиликке жөнөп кетүүдөн мурда
ТИМдин борбордук аппаратында эреже катары эки жылдан кем эмес убакыт
иштөөгө тийиш.
21. Элчиликтин кызматкерин чакырып алуу 19-пунктта каралган мөөнөт
аяктагандыгына байланыштуу жүргүзүлөт.
Элчиликте иштегенден кийин Кыргыз Республикасына кайтып келген
дипломатиялык кызматтын кызматкери кайтып келген күндөн кийинки үч ай-
дын ичинде кеткенге чейин ээлеген кызмат ордунан төмөн эмес орунга да-
йындалат.
22. Элчиликтин кызматкерлерин мөөнөтүнөн мурда чакырып алуу төмөн-
кү учурларда ишке ашырылышы мүмкүн:
- кызматтык зарылчылык болгон учурда, ротациянын алкагында пландык
негизде, бирок Элчиликтеги эки жылдык иш мөөнөтү аяктагандан кийин;
- келген мамлекетте өзгөчө кырдаал пайда болгон учурда, кызматкер
персона "нон грата" деп жарыяланса, же болбосо, келген мамлекеттин ком-
петенттүү бийликтери мындай адамдын келген мамлекетте болуусу мүмкүн
эместиги жөнүндө билдирүү берсе;
- кызматкер келген мамлекеттин каада-салттарын жана мыйзамдарын
урматтабаса, ошондой эле жалпы кабыл алынган жүрүш-туруш жана морал че-
немдерин сактабаса;
- кызматкер өз үй-бүлө мүчөлөрүнүн келген мамлекеттин мыйзамдарын
урматташын, ошондой эле жалпы кабыл алынган жүрүш-туруш жана морал че-
немдерин сакташын камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерин аткарбаса;
- чет өлкөдө иштөөгө тоскоолдук кылган катуу ооруга чалдыкса;
- Элчиликтин кызматкери өзүнүн жеке каалоосун билдирсе;
- Элчиликтин чакырып алынган кызматкери ТИМдин борбордук аппараты-
на кызмат ордуна дайындалат жана ошол эле убакта Элчиликтин кызматкери-
нин кызматынан бошотулат.
23. Элчиликтин кызматкери ошондой эле төмөнкү учурларда ээлеген
кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн:
- эмгек милдеттерин, ошондой эле ТИМ тарабынан өзүнүн чет элдик
мекемелери үчүн кабыл алынган Ички эмгек тартип эрежелеринде камтылган
режимдик талаптарды одоно бузса;
- иштеген жериндеги мүлктү (анын ичинде майдасын дагы) уурдаса,
жоготсо, аны билип туруп талкаласа же бузуп таштаса;
- жумушка алкоголдук, бањгилик же башка токсикалык мас болуу аба-
лында келсе;
- кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага маалым болгон
мыйзам тарабынан корголуучу жашыруун сырды (мамлекеттик, кызматтык жана
башка) жарыялап таштаса;
- эгерде мындан мурун колдонулган тартиптик чараларга карабастан
өзүнө жүктөлгөн милдеттенмелерди бир нече жолу аткарбаса же тийиштүү
түрдө аткарбаса;
- ага карата соттун айып өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирсе;
- ротация иретинде которулуудан баш тартса;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготсо же кош жарандуулук
тартибинде башка мамлекеттин жарандыгын кабыл алса;
- пенсиялык жашка жетсе;
Элчиликтин кызматкеринин жеке каалоосу боюнча.
V. Элчиликтин иш-аракетин уюштуруу
24. Элчи Элчиликти башкарат жана анын ишин түздөн-түз жетектейт,
анын кызматкерлеринин ортосунда кызматтык милдеттерди бөлүштүрөт жана
алардын аткарылышын контролдоону жүргүзөт. Элчи "Кыргыз Республикасынын
дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана
ушул Жобого ылайык Элчиликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана Эл-
чилик тарабынан функциялардын жүргүзүлүшү үчүн жеке жоопкерчилик тар-
тат, ТИМдин алдында өзүнүн иш-аракеттери жана көрсөтмөлөр менен тапшыр-
малардын аткарылышы жөнүндө отчет берет.
25. Келген мамлекетте Элчи жок болгон учурда анын функцияларын
Кыргыз Республикасынын иштеринде Убактылуу Ишенимдүү адам аткарат, ал
эреже катары Элчиликте саясий маселелерди алып барган, Элчиликтин дип-
ломатиялык кызматкерлеринин ичинен кызматы боюнча жогору болгон
мүчөлөрүнүн катарынан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри тара-
бынан дайындалат.
Кыргыз Республикасынын иштеринде Убактылуу Ишенимдүү адам өзүнүн
кызматтык милдеттерин аткарууга келген мамлекеттин Тышкы иштер минист-
рлигине тиешелүү дипломатиялык нотаны тапшырган учурдан тартып киришет.
26. Элчиликтин кызматкерлеринин кызмат акыларынын өлчөмдөрү ТИМдин
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашылган көрсөтмөсү
боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат. Элчилик-
тин штаттык саны ТИМдин көрсөтмөсү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
тарабынан белгиленет.
27. Элчиликте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын
негизинде бекитилген штаттык санынын жана эмгек акы фондусунун чекте-
ринде тышкы жана ички саясат, соода-экономикалык иштер, туризм, илим
жана техника, басма сөз жана маалымат, билим берүү жана маданият, кон-
сулдук иштер, ошондой эле иш-аракеттердин башка багыттары боюнча
бөлүмдөр жана топтор түзүлүшү мүмкүн.
28. Элчиликтин иши ТИМдин көрсөтмөлөрүн эске алуу менен түзүлгөн
кварталдык жарым жылдык же жылдык пландардын негизинде жүргүзүлөт.
Элчилик саясий финансылык жана башка отчетторду ТИМ аныктаган
мөөнөттөрдөн кечиктирбей берип турушу керек.
29. Белгиленген тартипте Элчиликтин курамына Кыргыз Республикасы-
нын башка аткаруу бийлик органдарынын жана мамлекеттик мекемелеринин
өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн.
Аларды дайындоо, чакырып алуу шарттары жана иш-аракеттеринин ба-
гыттары белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын тиешелүү аткаруу
бийлик органдары жана мамлекеттик мекемелери менен бирдикте ТИМ тарабы-
нан аныкталат.
30. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Эл-
чиликте саясий партиялардын, профсоюздардан тышкары бардык коомдук жана
диний бирикмелердин түзүмдөрү түзүлбөшү керек.
31. Элчиликтин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана баш-
каруу органдары жана башка мамлекеттик органдары менен болгон расмий
кат алмашуусу ТИМ аркылуу жүргүзүлөт. Өтө шашылыш учурларда Элчилик
мындай органдарга түздөн-түз кайрылышы мүмкүн, бул учурда ал сөзсүз
түрдө бул жөнүндө ТИМге билдириши керек.
VI. Элчинин функционалдык милдеттери жана ыйгарым укуктары
32. Элчи Элчиликке жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу
максатында төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- Элчиликтин кызматкерлеринин ишин жана алардын бири-бири менен өз
ара иштешин уюштуруу;
- Элчиликтин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын келген мамлекет-
теги башка өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери келген мамлекетте Кыргыз Рес-
публикасынын кызыкчылыктарын татыктуу дењгээлде көрсөтүшүн, алардын
келген мамлекеттин мыйзамдарын, эрежелерин, ошондой эле ал мамлекеттин
элинин каада-салттары менен үрп-адаттарын урматташын камсыз кылуу мак-
сатында алар менен иштерди жүргүзүү;
- келген мамлекетте Элчиликке, анын кызматкерлерине жана келген
мамлекеттин аймагында болгон алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, Кыргыз Респуб-
ликасынын башка өкүлчүлүктөрүнө дипломатиялык курьерлерге жана алар ме-
нен кошо жүргөн дипломатиялык почтага, ошондой эле эл аралык укукка жа-
на келген мамлекеттин мыйзамдарына ылайык артыкчылыктар менен иммуни-
теттерге укуктуу болгон Кыргыз Республикасынын башка жарандарына берил-
ген артыкчылыктарды жана иммунитеттерди камсыз кылуу боюнча зарыл чара-
ларды көрү;,
- мамлекеттик жашыруун сырды жана мыйзам менен корголуучу башка
купуя сырларды коргоону уюштуруу, дипломатиялык кат алмашуунун жашырын-
дуулугун сактоону контролдоо жана Элчиликтин, анын кызматкерлеринин жа-
на алардын уй-бүлө мүчөлөрүнүн тиешелүү коопсуздук дењгээлин сактоо бо-
юнча чараларды көрүү, өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурларда Кыргыз
Республикасынын келген мамлекеттеги чет элдеги мекемелеринин жана жа-
рандарынын иш-аракеттерин белгиленген тартипте координациялоо жана
алардын иш-аракеттерин жетектөө;
- саясий, финансылык жана башка отчетторду, ошондой эле Элчилик
консулдук функцияларды аткарган учурларда, консулдук отчетторду ТИМ
аныктаган мөөнөттөрдөн кечиктирбей берип туруу;
- Элчиликке бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды, ошондой эле консулдук
кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу, финансы-
лык тартипти жана каражаттарды үнөмдөө режимин сактоо;
- Элчиликтин дипломатиялык кызматкерлери өздөрүнүн профессионалдык
дењгээлин жогорулатышы, чет тилдерин үйрөнүүнү өркүндөтүшү үчүн шарт-
тарды түзүү;
- Элчиликтин жамаатында таза моралдык-психологиялык маанайды сак-
тоо жана Элчиликтин кызматкерлеринин иши үчүн зарыл болгон техникалык
шарттарды камсыздоо, аныкталган тартипте анын иш-аракеттерине байланыш-
кан маселелер боюнча сунуштарды киргизүү;
- Элчиликтин кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн
мамлекет тарабынан социалдык жардам алышына бардык жактан көмөк
көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын келген мамлекеттин аймагында жайгашкан
башка өкүлчүлүктөрүнүн, алардын делегацияларынын жана Кыргыз Республи-
касынан келген адистердин топторунун иш-аракеттерин координациялоо жана
иштерин контролдоо.
Элчи Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде
башка функционалдык милдеттерди дагы аткарат.
33. Элчи өзүнө жүктөлгөн функционалдык милдеттерди аткаруу макса-
тында төмөнкүлөргө укуктуу:
- сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык
келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Кыргыз
Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, ТИМдин
тапшырмасы боюнча өзүнө берилген ыйгарым укуктардын негизинде Кыргыз
Республикасы менен келген мамлекеттин ортосундагы эл аралык келишимдер-
ге кол коюуга, ошондой эле эл аралык конференцияларга жана жолугушуу-
ларга катышууга;
- аныкталган тартипте келген мамлекет менен болгон кош тараптуу
карым-катнаштарга жана Элчиликтин иш-аракеттерине байланышкан маселелер
боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн жана ТИМдин кароосуна коюуга;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органда-
рынан, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары-
нан, ошондой эле алардын уюштуруу-укуктук формаларына жана кайсы ве-
домствого баш ийгендигине карабастан, Кыргызстандын башка ишканалары-
нан, мекемелеринен жана уюмдарынан Элчиликтин компетенциясына кирген
маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон документтерди, маалыматтык жана
башка материалдарды белгиленген тартипте алууга, аталган органдарга,
ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга маалыматтарды белгиленген тар-
типте жөнөтүүгө;
- келген мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын башка өкүлчүлүктөрү-
нүн өкүлдөрүнүн, Кыргызстандын уюмдары менен ишканаларынын чечимдери
жана иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына жооп бербе-
ген учурларда, мындай чечимдердин аткарылышын токтотуу жана мындай
иш-аракеттердин алдын алуу Кабыл алынган чаралар жөнүндө Элчи ТИМге
билдирет;
- тигил же бул себептердин негизинде пайда болгон өзгөчө кырдаал-
дарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын атынан кабыл алынган саясий
чечимдер үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууга;
- зарыл болгон учурда жана ТИМдин макулдугу менен келген мамлекет-
тин чегараларынан тышкары аймактарга кыска мөөнөттүү кызматтык ишсапар-
ларга чыгууга;
- зарыл болгон учурда ТИМ менен макулдашуу боюнча бир жылга карата
бекитилген акча каражаттарын Элчиликтин сметасынын статьялары боюнча,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республика-
сынын тиешелүү жылга карата "Кыргыз Республикасынын республикалык бюд-
жети жөнүндө" Мыйзамы тарабынан аныкталган тартипте кайрадан
бөлүштүрүүнү жүргүзүүгө;
- ТИМ менен макулдашуу боюнча Элчиликтин кызматкерлерине алкыш жа-
рыялоо, финансылык каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен аларга акчалай сы-
йакыларды берүүгө, ошондой эле аныкталган тартипте ТИМге өзүлөрүн
өзгөчө көрсөткөн Элчиликтин кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мам-
лекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Элчиликтин дипломатиялык кызматкерле-
ринин рангдарын жана кызмат орундарын жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында каралган негизде келген мамлекетте болгон
Элчиликтин кызматкерлерине карата тартиптик жазаларды колдонуу жана
ишин мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- мамлекеттик кызмат орундарына кирбеген кызматтарды ээлеген Элчи-
ликтин административдик-техникалык кызматкерлерин сыйлоо жана аларга
карата тартиптик жазаларды колдонуу жөнүндө, ошондой эле ТИМдин компе-
тенциясына кирбеген Элчиликтин башка иш-аракеттерине байланышкан масе-
лелер боюнча буйруктарды чыгарууга;
- ТИМ менен макулдашуу боюнча контракттык негизде Кыргыз Республи-
касынын жарандарын жана ошондой эле келген мамлекеттин аймагында турук-
туу жашап жаткан чет элдик жарандарды Элчиликтин штаттык санында карал-
баган техникалык кызмат орундарына алууга жана аларды ээлеген орундары-
нан бошотууга, ошондой эле отпускага чыгаруу жана ишсапарга жөнөтүү жө-
нүндө буйруктарды чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Элчи-
ликтин кызматкерлеринин жана келген мамлекетте болгон алардын үй-бүлө
мүчөлөрүнүн ишсапарга жөнөшүнө жана Кыргыз Республикасына, ошондой эле
башка өлкөлөргө кыска мөөнөткө барып-келүүсүнө байланышкан маселелерди
чечүүгө;
- тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун жана башка мамле-
кеттик бийлик жана башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн иш-аракеттери
алардын түздөн-түз милдеттерине жана чет мамлекетте болуу эрежелерине
туура келбеген учурларда, алардын жетекчилерине мындай өкүлдөрүн жооп-
керчиликке тартуу жөнүндө кайрылууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, эл аралык укуктун ченемде-
рине, ошондой эле келген мамлекеттин мыйзамдарына ылайык башка укуктар-
дан пайдаланууга.
34. Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясий багытын жүргүзүү
жана Элчиликке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында келген мамле-
кетте жайгашкан башка өкүлчүлүктөрдүн, ал жерде болгон делегациялардын
жана адистердин топторунун жетекчилери өздөрүнүн иш-аракеттерин Кыргыз
Республикасынын келген мамлекетте аккредиттелген башкы расмий өкүлү бо-
луп саналган Элчи менен макулдашышы керек, ошондой эле Элчиге өзүнүн
функцияларын жана укуктарын аткарганда көмөк көрсөтүүгө, Элчиге өздөрү-
нүн ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берип турууга милдеттүү.
35.Элчи бир нече чет мамлекеттерде аккредиттелген учурда анын кыз-
мат акысына төмөнкүдөй үстөк акылар төлөнөт:
а) кошумча бир мамлекетти айкалыштырып иштегендиги үчүн - 10%;
б) кошумча эки жана андан көп мамлекеттерди айкалыштырып иштеген-
диги үчүн - 20%.
VII. Элчиликтин кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери
36. Элчиликтин кызматкерлеринин иш-аракеттеринин тартиби ТИМ тара-
бынан чет элдеги мекемелери үчүн аныкталган Ички эмгек тартибинин эре-
желери менен аныкталат.
37. Элчинин жана Элчиликтин кызматкерлеринин укуктары менен мил-
деттери "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына,
"Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын мыйзамына, эмгек мыйзамдарына, ушул Жобого жана Кыргыз Респуб-
ликасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Дипломатиялык мамилелер
жөнүндө 1961-жылдагы Вена конвенциясына жана башка колдонууга жарамдуу
болгон эл аралык укуктун ченемдерине ылайык аныкталат.
Келген мамлекетте кабыл алынган кызматкерлердин укуктары жана мил-
деттери Дипломаттык мамилелер жөнүндө 1961-жылдагы Вена конвенциясына,
Кыргыз Республикасы менен келген мамлекеттин ченемдик укуктук актылары-
на ылайык Элчи жана кызматкерлер тарабынан кол коюлган контракттар ме-
нен аныкталат.
38. Элчиликтин кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу:
- аныкталган тартипте кызматтык квалификацияларын жогорулатууга,
өздөрүнүн билим дењгээлин, компетенттүүлүгүн жана профессионалдык ква-
лификациясын, ошондой эле эмгек иш-аракеттерин эске алуу менен кызмат
орду боюнча алдыга жылууга;
- мамлекет тарабынан берилген социалдык жана укуктук коргоо, ошон-
дой эле үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге тиешелүү медициналык тейлөө менен
камсыз болууга;
- ден соолукка коркунуч туудурбаган эмгек шарттары менен камсыз
болууга;
- пенсиялык жактан камсыз болууга;
- жетекчи берген оозеки буйруктун мыйзам ченемдүү экендигинде шек
саноо пайда болгон учурда мындай буйруктун жазуу жүзүндө берилишин та-
лап кылууга;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык отпускага чыгу-
уга жана эс алууга.
Кызматкерлер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары та-
рабынан белгиленген башка укуктарга ээ болушат.
39. Иштеген жерине көчүп барууга байланышкан компенсацияны төлөп
берүү тартиби жана шарттары, ошондой эле Элчиликке иштөөгө жөнөтүлүп
жаткан кызматкерлерди материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуу шартта-
ры келген мамлекеттеги климаттык жана башка шарттарды эске алуу менен
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
40. Элчиликтин кызматкерлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана башка ченемдик укуктук
актыларын сактоого;
- Кыргыз Республикасынын тышкы саясий багытын ишке ашырууга, Кыр-
гыз Республикасынын эл аралык аренадагы кадыр-баркынын өсүшүнө
көмөктөшүүгө, Кыргыз Республикасынын коопсуздугун, экономикалык жана
илимий-техникалык потенциалын чыњдоого көмөк көрсөтүүгө;
- Кыргыз Республикасын татыктуу дењгээлде көрсөтүүгө жана анын
келген мамлекеттеги кызыкчылыктарын коргоого;
- келген мамлекеттин мыйзамдарын, эрежелерин жана салттарын урмат-
тоого;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен корголгон
мамлекеттик, кызматтык жана башка жашыруун сырды сактоого, мындай жашы-
руун сырлар дипломаттык кызматтагы иш токтогондон кийин дагы жашыруун
түрдө калышы керек;
- өздөрүнүн профессионалдык дењгээлдерин, квалификацияларын жого-
рулатууга, ошондой эле чет тилдерин үйрөнүүнү өркүндөтүүгө;
- ички эмгек тартибинин эрежелерин сактоого;
- Элчиликтин милдеттерин жана функцияларын аткаруу максатында Эл-
чи, же болбосо ал жок болгон учурда - Кыргыз Республикасынын иштеринде
Убактылуу Ишенимдүү адам тарабынан берилген буйруктарды жана
көрсөтмөлөрдү аткарууга.
41. Элчи жана Элчиликтин кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу эмес:
- педагогикалык, илимий жана башка чыгармачыл иштерден башка акы
төлөнүүчү иш-аракеттерди жасоого;
- ишкерлик иш-аракеттерди жасоого, ошондой эле өзүнүн кызмат аба-
лын жеке жана юридикалык жактар ишкерлик иш-аракеттерди жүргүзүшү үчүн
аларга көмөктөшүү жана мындай көмөк көрсөтүү үчүн бардык формадагы сы-
йакы алуу максатында пайдаланууга;
- материалдык-техникалык, финансылык жана маалыматтык камсыздоо
каражаттарын, кызматтык автотранспорт каражаттарын, башка мамлекеттик
мүлктү жана кызматтык маалыматтарды кызматтан тышкары максаттарда пай-
даланууга;
- протоколдук ишчараларды өткөрүү учурунда ыйгарылуучу белектерден
тышкары жеке адамдардан жана юридикалык жактардан белектерди алууга;
- өзүнүн кызматтык иш-аракеттерине байланыштуу саясий партиялардын
жана диний уюмдардын иштеринде катышууга;
- ага баш ийген кызматкерлердин эмгегин Элчиликтин функцияларын
аткаруудан тышкары пайдаланууга;
- "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын мыйзамы, "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын мыйзамы менен тыюу салынган башка иш-аракеттерди жүргүзүүгө.
42. Кызматкерлердин Элчиликтин жетекчилиги менен болгон эмгек
чыр-чатактары Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан мыйзамдардын ал-
кагында чечилет.
Чет элдеги дипломатиялык өкүлчүлүк катары каралган Элчиликтин
иш-аракеттеринин өзгөчө мүнөзүн, шарттарын жана башка өзгөчөлүктөрүн
эске алып, Элчиликтин кызматкерлеринин жетекчилик менен болгон ай-
рым-бир чыр-чатактарын чечүү акыркысынын чечими боюнча ТИМ тарабынан ар
бир конкреттуү учур үчүн аныкталган процедуранын негизинде жүргүзүлүшү
мүмкүн.
VIII. Элчинин жана Элчиликтин кызматкерлеринин жоопкерчилиги
43. Укук бузгандыгы үчүн Элчи жана Элчиликтин кызматкерлери Кыргыз
Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте жана
шарттарда жазыктык, материалдык, административдик жана тартиптик жооп-
керчиликтерге тартылат.
44. Элчи жана Элчиликтин кызматкерлери өздөрүнүн милдеттерин ат-
карбагандыгы же туура эмес аткаргандыгы үчүн аларга карата төмөнкүдөй
тартиптик жазалар колдонулушу мүмкүн:
- эскертүү;
- сөгүш;
- катуу сөгүш;
- кызмат ордуна толугу менен ылайык келбегендиги тууралуу эс-
кертүү;
- кызмат ордун же дипломатиялык рангын кичирейтүү;
- дипломатиялык рангын алып таштоо;
- ээлеген кызмат ордунан бошотуу;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган
тартиптик жазалардын башка түрлөрү.
45. Элчини чакырып алуу жана/же ээлеген кызмат ордунан бошотуу,
анын кызмат ордун же дипломатиялык рангын кичирейтүү, ошондой эле дип-
ломатиялык рангын алып таштоо Кыргыз Республикасынын тышкы иштер ми-
нистринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан
жүргүзүлөт, ал эми Элчиликтин башка кызматкерлерине карата жогоруда
аталган чараларды колдонуу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри-
нин буйругу боюнча жүргүзүлөт, мында Кыргыз Республикасынын Президенти
тарабынан ыйгарылган дипломатиялык рангдарды алып таштоо жана кичи-
рейтүү эске алынбайт.
46. 44-пунктта белгиленген тартиптик жазалар Кыргыз Республикасы-
нын тышкы иштер министри тарабынан Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзам-
дарында каралган тартипте Элчиликтин бардык кызматкерлерине карата кол-
донулушу мүмкүн.
47. Тартиптик жаза Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыла-
рына ылайык башкача түрдөгү жоопкерчиликтин колдонулушу каралган
иш-аракеттерге карата салынбашы керек.
IX. Корутунду жоболор
48. Элчилик юридикалык жак болуп эсептелет, анын Кыргыз Республи-
касынын Мамлекеттик герби тартылган жана өзүнүн аталышы бар мөөрү, тие-
шелүү башка мөөрлөрү жана штамптары, банктагы счеттору болот.
49. Кыргыз Республикасынын менчиги болуп эсептелген Элчиликтин жер
участоктору, имараттары, курулуштары жана башка мүлктөрү Кыргыз Респуб-
ликасынын ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте Элчиликке
бекитилет.
Элчилик өзүнө бекитилген мүлккө карата аныкталган тартипте ТИМ ме-
нен макулдашуу аркылуу жана Кыргыз Республикасы менен келген мамлекет-
тин мыйзамдарын эске алуу менен мындай мүлккө ээлик кылуу, аны пайдала-
нуу жана башкаруу укуктарын ишке ашырат.
50. Элчиликтин иш-аракеттерин камсыз кылууга байланышкан финансы-
лык жана башка маселелер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук акты-
ларына жана ТИМдин чечимдерине ылайык чечилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 31-июлундагы № 357 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын ишин өркүндөтүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.07.2007 · № 357
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- О дипломатической службе Кыргызской РеспубликиЗакон · 25.07.2002 · № 131 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Положение о Министерстве иностранных дел Кыргызской Республики ( Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 23 декабря 2005 года № 609)Положение · 23.12.2005 · № 609
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 12 января 1994 года №1407-XII "О присоединении к Венской Конвенции о дипломатических сношениях 1961 года"Постановление · 12.01.1994 · № 1407